Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 18:48

Муниципалдык инспекция таштандыларды чыгаруу эрежелерин бузгандарга 1 млн сом айып пул салды


Дүкөндөрдүн алдына чогулуп калган таштандылар. Муниципалдык инспекциянын кызматкерлери тарткан сүрөт.
Дүкөндөрдүн алдына чогулуп калган таштандылар. Муниципалдык инспекциянын кызматкерлери тарткан сүрөт.

Бишкек шаардык мэриясынын Муниципалдык инспекциясы таштандыларды чыгаруу эрежелерин жана көрктөндүрүү эрежелерин бузгандарга соңку бир суткада 85 протокол түзүп, 1 049 000 сом айып пул салды. Бул тууралуу мэриянын сайтында кабарланды.

Рейддин жүрүшүндө 255 чарба субъектилери, коомдук транспорттун аялдамалары, иштеп жаткан мончолор текшерилип, жарандардын кайрылуулары каралды.

Ленин районунда 323 500 сомго 26 протокол, Биринчи май районунда 298 500 сомго 24 протокол, Октябрь районунда 260 000 сомго 18 протокол жана Свердлов районунда 167 000 сомго 17 протокол түзүлгөн.

Бишкек шаарында Муниципалдык инспекция быйыл 14-февралда түзүлгөн. Ал калаада абанын сапатын, тазалыгын, транспорттордун экологияга тийгизген таасирин, ошондой эле жарандар тарабынан тазалыкты сактоо маселелерин көзөмөлдөө укуктарына ээ. Аталган инспекцияга 11 электромобиль бөлүнүп, кызматкерлерге атайын форма берилген. (ErN)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG