Жогорку Кеңеш киберкылмыштардын алдын алуу мыйзамын кабыл алды

УКМКнын киберкоопсуздук борбору. Бишкек.

"Кыргызстандын киберкоопсуздугу жөнүндө мыйзам" интеллектуалдык искусствону колдонуу менен интернетте элди алдаган киберкылмыштарга каршы күрөшүп, алардын алдын алууну көздөйт.

Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин (УКМК) төрагасынын орун басары Абдыкадыр Разаев 29-майда Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.

Парламент депутаттары телефон аркылуу, интернетте элди алдап жаткан шылуундардан коргоо зарылдыгын белгилешти.

Депутат Дастан Жумабеков интеллектуалдык искусствону колдонгон шылуундан президент, Министрлер кабинетинин төрагасынын оозу менен элди алдап, башка бир жактарга акчасын салууга чакырып жатканын белгиледи.

"Карапайым адамдар аны толук аңдап түшүнө албайт, "ии президент, өкмөт башчы өзү айтып атат, пайдалуу болот" деп азгырылып, алданып калышы мүмкүн. 90% окшоштурулган, үндөрү да, мимикалары да окшош. Ошолордун алдын алып, тез арада токтотуу керек. Бул чоң алдамчылык", - деди Жумабеков.

Жогорку Кеңеш 29-майда "Кыргызстандын кибер коопсуздугу жөнүндө" мыйзам долбоорун 2-окууда карады.

Жыл башында УКМКнын Киберкоопсуздук борборунда Компьютердик окуяларга ыкчам чара көрүү борбору (SOC) ачылганы кабарланган. Коопсуздук кызматы борбор санарип мейкиндигине үзгүлтүксүз мониторинг жүргүзүүнү, киберкоркунучтарды ыкчам аныктоону жана аларга жооп кайтаруучу алдыңкы технологиялар менен жабдылганын, өзүнө туташкан уюмдардын маалымат инфраструктурасын үзгүлтүксүз коргоо жөндөмүнө ээ экенин белгилеген.(ZKo)

Дагы караңыз

Өкмөт уу коргошундан дары даярдоого тыюу салды"Коопсуз шаардын" жабдыктары Санарип министрлигине өтөрү кабарландыТоктогул суу сактагычындагы суу бир айда 2 млрд метр кубга көбөйдүЖапаров аскерлердин жашоо-шарты жакшыра турганын айттыПольша Орусия жана Беларус менен чек арасын миналоону пландоодоОктябрдан бери АКШнын чек арасында дээрлик 3 миң өзбекстандык кармалды