Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Июль, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 04:08

Польша Орусия жана Беларус менен чек арасын миналоону пландоодо


Польша менен Орусиянын чек арасы.
Польша менен Орусиянын чек арасы.

Төрт жылдык "Чыгыш калканы" программасынын алкагында Польша Орусия жана Беларус менен чек арасын миналоону пландап жатат. Бул тууралуу RMF24 радиосу Польшанын улуттук коргоо министри Владислав Косиниак-Камышка шилтеме кылып кабарлады.

Министрдин айтымында, "Чыгыш калканы" программасы – 1945-жылдан берки НАТОнун чыгыш чектерин бекемдөө боюнча эң ири операция". Польша чек араларын бекемдөөгө 2,5 миллиард доллар сарптайт.

Алар миналанган талаалардан тышкары чек арага "чептерди, ар кандай типтеги тосмолорду, ошондой эле ар бир параметрде аба мейкиндигин көзөмөлдөөнүн эң заманбап системаларын" курууну максат кылууда.

Өлкөнүн Башкы штабынын башчысы Вислав Кукулдун маалыматында, миналардыьжайгаштыруу Польша "согуш болоруна көзү жеткенде" гана ишке ашат.

Дүйшөмбү күнү Польшанын тышкы иштер министри Радослав Сикорски бийлик орус дипломаттарынын өлкөдө жүрүүсүнө чектөө киргизерин билдирген. Бул Евробиримдикте биринчи жолу болуп жатат.

Польша менен Орусиянын мамилеси Украинадагы согушка байланыштуу өтө чыңалган абалда. Бирок тараптар дипломатиялык мамилелерди сактап келет, Орусиянын элчиси Польшада дагы деле иштеп жатат.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG