Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Июль, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 03:36

Октябрдан бери АКШнын чек арасында дээрлик 3 миң өзбекстандык кармалды


АКШ чек арасындагы мигранттар. Иллюстрациялык сүрөт.
АКШ чек арасындагы мигранттар. Иллюстрациялык сүрөт.

2023-жылдын 1-октябрынан майдын аягына чейин АКШнын түштүк чек арасынан 57 200 мигрант мыйзамсыз өтүп, Калифорния штатына жетүүгө аракет кылган. Алардын 2 900ү Өзбекстандын жарандары. Бул тууралуу Fox News телеканалы АКШнын Чек ара жана бажы кызматына шилтеме кылып кабарлады.

Мекеменин маалыматында, ошондой эле кармалгандардын 27,5 миңин Кытайдын, 8,9 миңин Индиянын, 7,8 миңин Түркиянын, 5,6 миңин Гвинеянын, 4,4 миңден ашыгын Мавританиянын жана 3 миңге жакынын Вьетнамдын жарандары түзөт.

Өткөн жылы АКШда борборазиялык мигранттардын саны кескин көбөйүп, бул аймактан барган 50 миңден ашык мигрант өлкөгө мыйзамсыз киргени кабарланган. Алардын 17 миңи Өзбекстандын, 7 миңи Кыргызстандын, 3 миңи Тажикстандын, 2 700ү Казакстандын жана 2 миңи Түркмөнстандын жарандары болгон.

АКШнын статистикасына ылайык, мыйзамсыз мигранттардын, анын ичинде Борбор Азия өлкөлөрүнөн барган мигранттардын жапырт агымы быйыл азайган жок.

2021-жылдын октябрынан 2023-жылдын октябрына чейин АКШнын чек арасынан мыйзамсыз өткөн 13 миңден ашык өзбек жараны кармалган.

Былтыр декабрда Кошмо Штаттарга мыйзамсыз барган 119 өзбекстандык мекенине экстрадицияланган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG