Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Июль, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 04:13

Токтогул суу сактагычындагы суу бир айда 2 млрд метр кубга көбөйдү


Токтогул ГЭС
Токтогул ГЭС

29-майга карата Токтогул суу сактагычына чогулган суунун көлөмү 9 млрд 644 млн метр кубга жетти. Бул бир ай мурдагы көрсөткүчтөн дээрлик 2 млрд метр кубга көп. 29-апрель күнү суунун көлөмү 7 млрд 673 млн метр куб болчу.

"Электр станциялары" ишканасынын маалыматында ушу тапта суу сактагычка секундасына 1230 метр куб суу агып кирүүдө, ал эми агып чыккан суунун көлөмү 181 метр куб.

Быйыл марттын башында Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 7,5 млрд метр кубга чейин төмөндөгөн. Өкмөт электр энергиясын берүүнү бир нече күнгө чектеп, керектөө лимитин төмөндөткөн.

Токтогул суу сактагычына 19 млрд метр кубдан ашуун суу батат. Мындай көлөмдөгү суу акыркы жолу 2010-жылы чогулган.

Суу сактагыч Нарын дарыясына курулган. Ага Көкөмерен, Чычкан, Узун-Акмат, Таркент жана башка дарыялар да куят.

Электр энергиясынын баасы былтыр 1-июнда көтөрүлгөн. Өкмөт тариф жыл сайын инфляциянын ченемине жараша өсүп турарын билдирген. Ага ылайык, быйыл 1-майдан тарта баалар дагы кымбаттап, айына 700 киловатт/саатка чейин электр жарыгын керектегендер жана бийик тоолуу жана алыскы аймактарда жашагандар үчүн 11 тыйынга, андан көп жаккандарга 23 тыйынга өстү. Электр кубатын чектөөсүз пайдалангандарга бир киловатт/саат электр энергиясы 35 тыйынга кымбаттады.(ZKo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG