Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Июль, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 02:32

"Коопсуз шаардын" жабдыктары Санарип министрлигине өтөрү кабарланды


Бишкек шаарында орнотулган "Коопсуз шаардын" камералары.
Бишкек шаарында орнотулган "Коопсуз шаардын" камералары.

Санарип өнүктүрүү министринин орун басары Замир Кожомуратов "Коопсуз шаар-2" долбооруна байланыштуу кытайлык компания менен соттук териштирүү аяктай электигин билдирди.

Ал 27-майда Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция комитетинин жыйынында долбоорду ишке ашыра турган кытайлык компания мамлекетке чоң суммада карыз болуп калганын белгиледи.

Кожомуратовдун айтымында, министрликтин юристтери бул жаатта иш алып барууда, маселеге быйыл күзүндө чекит коюлат. Кытайлык компания орноткон техникалык каражаттарын мамлекетке өткөрүп берүүсү боюнча соттун чечими чыккан.

Ал депутат Кубанычбек Самаковдун суроосуна жооп берип жатып, “Коопсуз шаар-1” долбоору боюнча да соттук териштирүүлөр жүргөнүн маалымдады.

“ВОК” жана “Вега” деген компания бар. Алардын белгилүү жерлерде үч буттуу камералары бар. Бул компаниялар боюнча да сот чечими чыккан. Эки компаниянын каражаттары сентябрда министрликке өтөт”, - деди Кожомуратов.

Министрдин орун басары соттук териштирүүлөр тууралуу толук маалымат бериле турганын билдирди.

Министрликтин басма сөз кызматы "ВОК" "Веганын" туунду компаниясы экенин, ал Кыргызстанда гана ишмердигин жүргүзө турганын тактады.

Кыргызстанда жол кыймылын көзөмөлдөө үчүн “Коопсуз шаар” долбоору 2019-жылы иштей баштаган. Ага ылайык Бишкек, Ош сыяктуу ири шаарларга, Бишкек-Торугарт, Бишкек-Ош автожолдорунун боюна камералар орнотулган. Долбоорду орусиялык “Вега” концерни ишке ашырган.

“Коопсуз шаар-2” долбоорун уткан Shenzhen Sunwin Intelligent Co. Ltd аттуу кытайлык компания жети облус, эки чоң шаар, 15 кичи шаар жана 73 калк жашаган аймакка видео көзөмөл коюп, жалпысынан 306 аппарат орнотушу керек болчу.

Бул долбоор пландалган мөөнөтүндө ишке ашпай калгандыктан, Санарип өнүктүрүү министрлиги Shenzhen Sunwin Intelligent Co. Ltd компаниясын 2022-жылы сотко берген.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG