Тилек Матраимовдун иши Ош шаардык сотуна өттү

Тилек Матраимов. Архив.

Кара-Суу районунун мурдагы акими, Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовдун агасы Тилек Матраимовдун иши Ош шаардык сотуна өттү. Бул тууралуу “Азаттыкка” Ош облустук сотунун басма сөз кызматы кабарлады.

Тилек Матраимовдун адвокаты Мамат Шаиев буга чейин ага 2019-жылы Кара-Суу районундагы жер алдындагы өтмөктүн курулушуна байланыштуу Кылмыш-жаза кодексинин “Кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу” беренеси менен айып тагылганын айткан. Ал апрель айында үй камагына чыккан.

Райымбек Матраимов жана анын бир туугандары Тилек, Руслан, Исламбек Матраимовдор 25-мартта Азербайжандын атайын кызматы менен биргеликте Баку шаарында кармалып, 26-мартта Бишкекке алынып келген.

Бишкектин Биринчи Май райондук соту 22-апрелде Райымбек Матраимовдун бөгөт чарасын карап, камактагы мөөнөтүн 26-июнга чейин узарткан. Ош шаардык соту 11-майда Руслан жана Исламбек Матраимовдорду 18-июлга чейин тергөө абагында калтырганы белгилүү болду.

Райымбек Матраимовго Кылмыш-жаза кодексинин “Эркиндигинен мыйзамсыз ажыратуу” жана “Кылмыштуу жол менен алынган кирешелерди мыйзамдаштыруу/адалдоо” беренелери менен кылмыш иши козголуп, тергөө жүрүп жатат.

27-мартта Биринчи Май райондук сотунда ага Кылмыш-жаза кодексинин “Мамлекеттик чек арадан мыйзамсыз өтүү” беренеси менен да кине коюлган. Ушул тапта УКМКнын убактылуу кармоочу жайында камакта жатат.

2021-жылы УКМК Райымбек Матраимовду коррупцияга айыптап иш козгоп, ал 2016-жылдын башында бажыдагы башка аткаминерлер менен көмүскө коррупциялык схема түзгөнүн билдирген. Сот аны күнөөлүү деп таап, 260 миң сом айып пул чегерген.

Ал күнөөсүн мойнуна алып, мамлекетке 2 миллиард сом төгүп берген. УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев 2023-жылы 2-ноябрда Райымбек Матраимов менен Камчы Көлбаевди “Кыргызстанда мафия түзгөн” деп айыптаган.

Кыргызстанда “кримчөйрөнүн анабашы” аталган Камчы Көлбаев былтыр 4-октябрда Бишкекте УКМКнын атайын операциясы маалында өлтүрүлгөн. (BTo)

Дагы караңыз

Грузия: Парламент комитети "чет элдик агент" мыйзамына коюлган ветого каршы чечим кабыл алдыAP: Газада Израилдин чабуулдарынан дагы 81 киши каза болдуСоңку аптада автоунааны мас абалда айдаган 300дөй айдоочу кармалдыАрменияда өкмөткө каршы акциянын кеминде 226 катышуучусу кармалды УКМК Аксыда дары-дармекти мыйзамсыз ташыган жаран кармалганын билдирдиМүлктөрдү кайра каттоо 10 эсе кымбаттады Украина: Супермаркетте каза тапкандар 18 болушу мүмкүн экени кабарланды