Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Июль, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 04:22

AP: Газада Израилдин чабуулдарынан дагы 81 киши каза болду


Газа сектору.
Газа сектору.

Газада соңку суткада Израилдин чабуулдарынан кеминде 81 киши каза болгонун, дагы 223 киши жараат алганын, көбү аялдар жана балдар экенин 27-майда сектордун ХАМАС (АКШда жана Европа Биримдигинде террордук деп жарыяланган топ) көзөмөлдөгөн саламаттык сактоо мекемесине таянып The Associated Press (AP) агенттиги билдирди.

Каза болгондордун кеминде 35и 27-майга караган түнү Рафах шаарына урулган соккудан мерт кеткени айтылды.

Авиачабуул Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Жакынкы Чыгышта палестин качкындарына жардам берүү жана ишти уюштуруу агенттигинин (UNRWA, БАПОР) качкындар үчүн уюштурулган 10дон ашуун лагерине жасалганы маалымдалды.

Израилдин Коргоо армиясы (ЦАХАЛ) жекшемби күнү кечинде Рафахтын түндүк-батышына абадан сокку урганын 27-майдагы маалыматында тастыктап, ХАМАСтын жооптуу командирлеринин бирин жок кылганын, териштирүү жүрүп жатканын билдирди.

Европа Биримдигинин Газанын Египет менен чектеш тилкесиндеги Рафах шаарындагы чек аралык миссиясы боюнча принципиалдуу келишимге жетишүү зарылдыгын бүгүн 27-майда биримдиктин тышкы саясий мекемесинин башчысы Жозеп Боррел билдирди. Еврошаркеттин тышкы иштер министрлеринин кезектеги жолугушуусунда сүйлөп жатып ал Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяхуну «өзүнүн саясий максатында Эл аралык кылмыш сотуна каршы жалган айыптарды айтууда» деп сындады.

БУУнун Гаагадагы Эл аралык соту 24-майда чыгарган токтомуна ылайык, Израил Газа тилкесиндеги Рафах шаарына чабуулун дароо токтотушу зарыл. Сот өз чечимин жайкын тургундарды коргоо чаралары жетиштүү түрдө көрүлбөй жатканы менен негиздеди. Түштүк Африканын өтүнүчү менен каралган чечимди 15 судьянын 13ү колдоп, экөө каршы добуш берди.

Гаагадагы Эл аралык кылмыш соту Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяхуну, коргоо министри Йоав Галантты жана ошондой эле ХАМАС тобунун саясий лидери Исмаил Ханияны, топтун аскердик бөлүгүнүн командачысы Мухаммад Дейфти жана Газа секторундагы бөлүгүнүн башчысы Яхья Синварды камакка алууга ордер берүү маселесин карай турганы соттун расмий сайтындагы 20-майдагы маалыматта айтылган.

Прокурордун пикиринде, Нетаньяху менен Галант да, ХАМАСтын үч лидери да Газа секторунун жана Израилдин аймагындагы согуш кылмыштарына жана адамкерчиликке каршы кылмыштарга тиешеси бар деп эсептөөгө негиздер жетиштүү.

Эми аталган соттун судьялары прокурордун сунуштамасын карап чыгып, кармоого ордер берилеби же жокпу, чечимин чыгарышы керек.

ХАМАСтын лидерлерин Эл аралык кылмыш сотунун прокурору “адамдарды кырган, барымтага алган, кыйноого алган, сексуалдык зомбулук көрсөткөн жана ырайымсыз мамиле жасаган” деп айыптоодо.

Ал эми Израилдин лидерлерин “кишилерди ачарчылыкта кармоону согуштун бир ыкмасы катары колдонууда, жай тургундарды атайылап оор кыйноого салууда, өлтүрүүдө” деп күнөөлөп жатат. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG