Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Июль, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 01:49

Украина: Супермаркетте каза тапкандар 18 болушу мүмкүн экени кабарланды


Харьков. 2024-жылдын 26-майы.
Харьков. 2024-жылдын 26-майы.

Украин президенти Владимир Зеленский Орусия чабуулдарын улантып жаткан Харьковго барып, дүйнө лидерлеринен кошумча жардам сурады. 26-майдагы кайрылуусунда ал Орусия Харьковдун түндүк-батыш тарабынан 90 чакырым аралыкта чабуулга камданып жатканын, ал жакка кошумча күч топтогонун айтты.

"Биз орус аскерлеринин топтолгон ар бир пунктун көрүп жатабыз. Биз Орусиянын ракеталары жана согуштук учактары учурулган бардык аймактарды билебиз. Бул террордук күчтү жок кылуу - миңдеген кишинин өмүрүн сактап калуу жана согуштун жайылышына жол берилбейт деген кепилдик. Өнөктөштөрдүн бизге жардам боюнча чечкиндүү чечим кабыл алышы - накта саясий чечим. Кабыл алынышы керек болгон чечим”, - деди Зеленский.

27-майдын таңындагы маалыматка караганда, Харьковдогу «Эпицентр» курулуш гипермаркетине 25-майда урулган соккудан каза болгондор 18ге жеткен болушу мүмкүн. Алардын 11и тууралуу маалымат такталганын, жетөө боюнча мындай божомол дайынсыз деген арыздардан улам жасалып жатканын «Азаттыктын» украин кызматына Харьков облустук прокуратурасынын расмий өкүлү Дмитрий Чубенко билдирди. Анын айтымында, өрт катуу болгондуктан сөөктөрдүн айрымдарын дароо таануу мүмкүн эмес болууда.

Харьковдун мэри Игорь Терехов бул чабуулду “кадимки терроризм” деп атап, жараат алгандар 40тан ашуун экенин билдирди.

Бүгүн Харьковдо Аза күтүү күнү деп жарыяланды.

22-майда Зеленский Орусиянын бомбаларын «орус террорунун жана оккупанттардын басып кирүүсүнүн негизги куралы» деп атап, Украинага аскерлерин жана шаар-кыштактарын коргоого жөндөмдүү система, тактика зарылдыгын кошумчалаган.

Украинага 2022-жылдын 24-февралында толук масштабдуу согуш ачкан Орусия соңку кезде көбүрөөк Харьков облусун бутага алууда. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG