Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Июль, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 02:00

Мүлктөрдү кайра каттоо 10 эсе кымбаттады


Бишкектеги көп кабаттуу үйлөрдүн бири. Иллюстрациялык сүрөт.
Бишкектеги көп кабаттуу үйлөрдүн бири. Иллюстрациялык сүрөт.

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров “Кыргызстанда накталай эмес төлөмдөрдүн жана эсептешүүлөрдүн үлүшүн арттыруу боюнча кошумча чаралар” жөнүндө токтом долбооруна кол койду. Бул тууралуу “Кабар” улуттук маалымат агенттиги өкмөткө таянуу менен кабарлады.

Ага ылайык, кыймылсыз мүлктөрдүн менчик укугун тариздөөдө накталай төлөм жүргүзүүнүн мамлекеттик алымы 10 эсеге кымбаттады.

Мындан ары накталай акча менен мүлк-алып саткандар болсо аны кайра каттоо туугандарга жана жакындарга 10 миң сом, башка жарандарга 20 миң сом жана юридикалык тараптарга 50 миң сом болот.

Тараптар мүлктөрдү алып-сатууда эсептешүүнү банктардагы эсептери аркылуу накталай эмес формада жүргүзсө мурдагыдай эле төлөйт. Анын наркы биринчи топтогуларга 1 миң сом, экинчи топтогуларга 2 миң сом жана үчүнчү топтогуларга 5 миң сом боюнча калат.

Министрлер кабинети тиешелүү токтом долбоорун марттын ортолорунда коомдук талкууга чыгарган. 12-апрелде талкуу бүтүп, 19-апрелге чейин парламенттин кароосуна чыгарылган.

Кыргызстандын өкмөтү соңку жылдары төлөмдөрдү жана эсептешүүлөрдү жүргүзүүдө накталай эмес форманын көбөйтүү аракеттерин күчөтүп жатат. Аткаминероер бул чара көмүскө экономиканы ачыкка чыгарып, улуттук валютанын бекемделишине себепчи болорун айтып келатышат. (ErN)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG