Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Июль, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 23:56

УКМК Аксыда дары-дармекти мыйзамсыз ташыган жаран кармалганын билдирди


УКМК тараткан сүрөт.
УКМК тараткан сүрөт.

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети Аксы районунда дары-дармектерди аткезчилик жол менен ташып кирүү аракетине бөгөт коюлганын 27-майда билдирди.

Маалыматка ылайык, Аксы районунун Кош-Дөбө айылынын тургуну көптөн бери Өзбекстан менен чектеш аймактан дары-дармектерди мыйзамсыз ташып жүргөн.

22-майда козголгон кылмыш ишинин алкагында тинтүү иштери жүрүп, мамлекеттик каттоодон өтпөгөн 361 аталыштагы дары-дармектер аныкталган. Алардын 15 түрү психотроптук баңгизаттар экени такталган. Тинтүүгө алынган үйдөн ок атуучу куралдар жана чет өлкөлүк автоунаа номурлары табылган.

Кармалган жаран УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилип, тергөө иштери жүрүп жатат.

Улуттук коопсуздук комитети өлкөгө дары-дармекти аткезчилик жолу менен ташууга аракет кылгандар кармалганын утур-утур билдирип келет.

Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматына караганда, Кыргызстанга дары ташыган компаниялардын саны 200дөн көп. Ал эми дарыканалардын саны 3200дөн ашык. Алардын теңинен көбү Бишкек шаарында жайгашкан.

Кирешелүү деп сыпатталган дары базарында айланган каражаттын эсеби белгисиз. Бирок аткезчилик менен Кыргызстанга бир жылда 5 миллиард сомдук дары келери былтыр расмий маалыматтарда айтылган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG