Аба ырайы: айрым аймактарда жаан жаайт

Кыргызгидромет кызматы билдиргендей, 28-майда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда, Чүй, Талас облустарынын тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондорунда кар жаайт. Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын өрөөндөрүндө, Чүй, Талас облустарынын дыйканчылык аймактарында жаан-чачын күтүлбөйт.

Бийик тоолуу райондордо жолдор тоңголок жана тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, күндүз Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде 15-20 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 6…11, күндүз 20…25,

Талас жергесинде түнкүсүн 5…10, күндүз 18…23,

Ош, Жалал-Абад жана Баткен аймактарында түнкүсүн 9…14, күндүз 24…29,

Ысык-Көл дубанында түнкүсүн 3…18, күндүз 16…21,

Нарын облусунда түнкүсүн 2…7, күндүз 17…22,

Бийик тоолуу аймактарда түнкүсүн -2…-7, күндүз 5…10 градус болот.

Бишкекте жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден 14 метрге жетет. Абанын температурасы түнкүсүн 6…8°, күндүз 23…25° болот.

Дагы караңыз

Мүлктөрдү кайра каттоо 10 эсе кымбаттады ИИМ Кыргызстанда мыйзамсыз жүргөндөргө чараны катаалдаткан мыйзам долбоорун сунуштадыТармактык комитетте кворум жоктугунан уран казуу мыйзамын кароо башка күнгө калдыСүттүн баасына 40 сомдук чек койгон токтомду аткаруунун мөөнөтү артка жылдырылды