Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:04

Сүттүн баасына 40 сомдук чек койгон токтомду аткаруунун мөөнөтү артка жылдырылды


Кыргызстандагы сүт жыйноо маалы. Иллюстрациялык сүрөт.
Кыргызстандагы сүт жыйноо маалы. Иллюстрациялык сүрөт.

Жогорку Кеңештин Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитетинин мүчөлөрү өкмөт парламенттин “Сүттүн сатып алуу баасын жөнгө салуу жөнүндө” токтомун аткарбаганын сынга алып, аны жүзөгө ашыруунун мөөнөтүн артка жылдырды. Тиешелүү чечим комитеттин 27-майдагы отурумунда кабыл алынды.

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары, суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министри Бакыт Төрөбаев “токтомду аткарууга бир жыл убакыт берилсе деле аны аткаруу мүмкүн эмес экенин, бул рынокко кийлигишүү экенин” айтты.

Токтомдун демилгечиси, депутат Акылбек Түмөнбаев токтомду аткарууну талап кылып, берилген мөөнөт бүткөн соң депутаттар өкмөттөн кайрадан отчёт сурай турганын кеп кылды. Ал сүттүн кышкы жана жайкы эки түрдүү баасын иштеп чыгууну сунуштап, муну үчүн жумушчу топ түзүү керектигин билдирди.

Комитеттин төрагасы, депутат Аманкан Кенжебаев чечимди депутаттарга добушка коюп жатып, токтомду аткаруунун так мөөнөтүн атаган жок. Жыйынга катышкан эл өкүлдөрү чечимди дээрлик бир добуштан колдоду.

Мунун алдында экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиев токтом долбоорун аткаруу боюнча учкай маалымат берип, эгерде чийки сүттүн баасына 40 сомдук төмөнкү чек коюлса, анда кайра иштетилген сүттүн баасы 11%га, каймактын баасы 50%га чейин кымбаттап кетерин айткан. Ал ошондой эле чийки сүт социалдык маанилүү товарлардын тизмесине кирбей турганын белгилеп, мыйзамга ылайык өкмөт анын наркына чек коё албай турганын белгиледи.

Депутат Акылбек Түмөнбаев баштаган депутаттар тобу “Сүттүн сатып алуу бааларын жөнгө салуу жөнүндө” мыйзам долбоорун бир жыл мурда иштеп чыгып, 2023-жылдын 13-апрелинде коомдук талкууга чыгарган. Былтыр 29-июнда Жогорку Кеңеш аны үч окуудан колдоп берген.

Ошол эле жылдын сентябрында мыйзам долбооруна президент Садыр Жапаров каршы пикирин билдирип, артка кайтарганы маалым болгон. Кийин мыйзам долбоордун макулдашылган вариантын иштеп чыгуу үчүн макулдашуу топ түзүлгөнү да кабарланган.

Жарым жылдан кийин депутаттардын демилгеси мыйзам катары эмес, токтом катары парламентке кайрылып келген. 14-мартта кабыл алынган токтомдо чийки сүттүн бир литринин баасы “40 сомдон кем болбосун” деп бекитилген. Маалыматтарга ылайык, ушул тапта сүттүн баасы аймактарда 24-30-40 сомдон болуп жатат.

Расмий маалыматтарга ылайык, Кыргызстанда бир жылдык сүт өндүрүү болжол менен 1,6-1,8 миллион тоннаны түзөт. Анын 2,5% гана өнөр жайлык кайра иштетүүгө кетет.

Өлкөдө чийки сүттүн 98% ашыгы калктын жеке чарбаларында өндүрүлөт. Алар чийки затты майда дүң сатуучулар аркылуу кайра иштетүүчүлөргө же болбосо заводдордун өзүнө түз эле сатышат. (ErN)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG