Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Июль, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 01:09

Тармактык комитетте кворум жоктугунан уран казуу мыйзамын кароо башка күнгө калды


Кызыл-Омпол кени. Архивдик сүрөт.
Кызыл-Омпол кени. Архивдик сүрөт.

Жогорку Кеңештин Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитети 27-майдагы отурумунда Кыргызстанда уран жана торий кендерине геологиялык изилдөө иштерин жүргүзүүгө жана иштетүүгө уруксат берүү боюнча мыйзам долбоорун карады.

Долбоор тууралуу жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министри Мелис Тургунбаев баяндама жасап, документте 2019-жылы кабыл алынган “Кыргыз Республикасында уран, торий кендерин издөө, чалгындоо жана иштетүү максатында жер казынасын геологиялык изилдөө менен байланышкан ишке тыюу салуу жөнүндө” мыйзамын жокко чыгаруу сунушталып жатканын билдирди.

Тургунбаев Кыргызстандын экономикасын көтөрүү үчүн өлкөдө аталган кендерди казууга уруксат берүү зарылдыгын белгилеп, бул кошумча өндүрүштөрдү ачып, жумуш орундарын түзүүгө жана салык төлөмдөрүн көбөйтүүгө салым кошорун белгиледи.

Жыйындын суроо-жооп бөлүгүндө депутат Алишер Эрбаев маселени кароо улантылса, добуш берүүгө келгенде кворум маселеси чыгарын эске салды. Комитетте 10 депутат болсо, отурумда төрт гана эл өкүлү отурган. Мындан улам комитеттин төрагасы Аманкан Кенжебаев жыйынга танапис жарыялап, кийинки отурум 29-майда өтөрүн айтты.

Мыйзам долбоору 27-февралда коомдук талкууга коюлуп, парламентке 11-майда киргизилген. Министрлер кабинети Жогорку Кеңештен мыйзам долбоорун дароо үч окууда карап берүүнү өтүнгөн. Ал биринчи тармактык комитеттерден өтүп, андан кийин жалпы жыйынга чыгарылат.

Документтин маалымкат-негиздемесинде уранды жана торийди казып алууда заманбап технологиялар колдонулуп, ага мамлекет көзөмөл кылары, бул кен казып алуунун айлана-чөйрөгө терс таасирин азайтууга жардам берери жазылган.

Президент Садыр Жапаров 19-февралда Балыкчы шаарында Ысык-Көлдүн Тоң районунун жана Нарын облусунун Кочкор районунун тургундары менен жолугушуп, Кызыл-Омпол кенин мамлекет өзү иштетүүнү пландап жатканын айткан. Мамлекет башчы кен иштей баштаса, миңден ашуун жумушчу оруну түзүлөрүн билдирген.

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров январь айында Ысык-Көл облусунун Тоң районундагы Кызыл-Омпол кенинде баасы 300 млрд долларга чейин жеткен кен байлык бар экенин билдирген.

2019-жылдын жазында "Кыргызстандагы ЮрАзия" деп аталган компания бул кенди чалгындоо иштерин баштаган учурда Ысык-Көлдө жана Бишкекте нааразылык чыккан. Мындан кийин, ошол эле жылдын декабрында Кыргызстанда уран жана торий кендерине геологиялык изилдөө иштерин жүргүзүүгө жана иштетүүгө тыюу салган мыйзам кабыл алынган. Ошондой эле “Кыргызстандагы ЮрАзия” компаниясынын лицензиясы токтотулган.

Расмий маалыматка ылайык, Тоң районундагы Кызыл-Омпол тоо-кен участогу 1951-жылы ачылган. Ачык маалыматтарда, СССРдин убагындагы чалгындоо иштеринде анда жалпысынан 13 миң тонна уран бар экени такталган. Геологдордун айтымында, Кызыл-Омполдо уран, торий, цирконий, титан, фосфор, талаа шпаты жана башка заттардын кени бар. (ErN)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG