Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 13:17

ИИМ Кыргызстанда мыйзамсыз жүргөндөргө чараны катаалдаткан мыйзам долбоорун сунуштады


Кыргызстандын Ички иштер министрлигинин имараты.
Кыргызстандын Ички иштер министрлигинин имараты.

Ички иштер министрлиги Кыргызстанда миграциялык талаптарды бузган чет өлкөлүктөргө чараны күчөткөн мыйзам долбоорун даярдады. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин Социалдык саясат комитетинин 27-майдагы жыйынында ички иштер министринин орун басары Нурбек Абдиев билдирди.

Анда миграциялык мыйзамдарды бузган жаранга 5500 сом айып салынары, бул Кыргызстандын аймагында эмгектенүү үчүн уруксат алуудагы 10 миң сомдук төлөмдөн кыйла арзан болуп жатканын түшүндүрдү.

“Натыйжада бул чет өлкөлүк жарандарга Кыргызстанда жүрүү жана эмгек ишмердигин жүргүзүү эрежелерин бузуу пайдалуу болуп жатат. Ошол себептен ИИМ Укук бузуулар кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу мыйзам долбоору даярдалып, коомдук талкууда турат”, - деди Абдиев.

Министрдин орун басары мунун алдында 2023-жылдан бери Кыргызстанда 29 миң 846 чет өлкөлүк жарандын мыйзамсыз жүргөнү аныкталганын билдирген.

Буга чейин ИИМ 13-майга караган түнү Кыргызстан менен Египеттин жарандарынын мушташы жана ушул мушташ тартылган видеодон кийин 18-майга караган түнү болгон башаламандыкта 49 киши жабыркаганын билдирген. 13 киши кылмышка шектүү катары аныкталган. Алардын ичинен төртөө Египеттин, калган жети адам Кыргызстандын жарандары.

18-майга караган түнү Бишкек менен Чүйдө жалпы жети жайга кол салуу болгон. Анын ичинен адамдар Бишкекте чет элдик студенттер жашаган алты жатаканага жана мейманкага кирип башаламандык кылып, чет өлкөлүктөрдү уруп-сабаган.

Бул окуядан кийин Кыргызстанда чет өлкөлүктөрдүн коопсуздугу жана алардын өлкөдө мыйзамдуу жүргөнү боюнча талкуулар күчөп, парламентте да көтөрүлгөн.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG