Жыргалаң суусуна түшүп кеткен эки кыз изделип жатат

Сууга чөгүп кеткен кыздарды издөө учуру.

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги (ӨКМ) 20-майда Ысык-Көл облусундагы Жыргалаң суусуна түшүп кеткен эки кызды издөө иштерине 218 адам тартылганын билдирди.

Мекеменин маалыматына ылайык, Ысык-Көл облусунун Түп районунун Михайловка айылындагы дачаны бойлоп өткөн Жыргалаң суусуна алты жана жети жаштагы эки кыз түшүп кеткени тууралуу маалымат түшкөн.

Издөө иштерине 35 куткаруучу, 10 суучул, Ички иштер министрлигинин (ИИМ) 10 кызматкери, жергиликтүү тургундардан 163 адам тартылды.

ӨКМдин маалыматында, былтыр 95 адам сууга агып же чөгүп каза болгон, анын ичинен 36сы 12 жашка чейинки балдар. (BTo)

Дагы караңыз

Бишкектеги окуядан кийин Кыргызстан эл аралык университетинен 1,2 миң чет элдик студент мекенине кайттыӨкмөт жабыркаган чет элдик студенттерге кенемте төлөп берүүнү карап жататАртем Новиков Орус-Кыргыз өнүктүрүү фондуна кайрадан жетекчи болдуБишкекте Ататүрк паркындагы үйлөрдү бузууга каршылар чогулдуИИМ: Жыл башынан бери төрт айда 36 бала жанын кыйдыБишкектеги мушташ: Сот Египеттин төрт жаранын үй камагына чыгардыБишкектеги тополоңдо жабыркагандардын абалы туруктууБыйыл төрт айда балдарга каршы 52 зомбулук фактысы катталды