Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:46

Өкмөт жабыркаган чет элдик студенттерге кенемте төлөп берүүнү карап жатат


Билим берүү жана илим министрлигинде ЖОЖдордун жетекчилери менен өткөн жыйын. 20-май, 2024.
Билим берүү жана илим министрлигинде ЖОЖдордун жетекчилери менен өткөн жыйын. 20-май, 2024.

Кыргыз өкмөтү Бишкектеги тополоңдо жабыркаган чет өлкөлүк студенттерге кенемте төлөп берүүнү карап жатат. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов 20-майда 18 жогорку окуу жайдын ректорлору менен болгон жыйында билдирди.

Жыйында 18-майга караган түнү Бишкекте болгон тополоңдо зыян тарткан чет өлкөлүк студенттер жашаган жатакананы калыбына келтирүү жана алардын билим алуусу, жергиликтүү жогорку окуу жайларга чет элдиктерди тартуу маселелери талкууланды.

"Учурда мамлекет жетекчилигинин ташпырмасы менен Министрлер кабинети жабыркаган чет элдик студенттердин чыгымын көтөрүү маселесин карап жатат. Кенемте кандай формада жана кайсы мөөнөттө берилери боюнча кошумча маалымат берилет”, - деди Байсалов.

Ал ошондой эле Министрлер кабинети жаштарга тарбиялык-педагогикалык иштерди жүргүзүүнү жана өлкөгө жумушчу мигранттарды мыйзамсыз алып кирүү, коомдук тартипти камсыздоо маселелерин жыйында карай турганын маалымдады.

17-майда социалдык түйүндөрдө “чет элдиктер аралашкан” деген бир нече адамдын мушташы тартылган видео тарап, айрым интернет колдонуучулар сабалгандар Кыргызстандын жарандары экенин жазышкан. Ошол видеодон кийин, 18-майга караган түнү Бишкектин чыгыш тарабындагы көчөлөрдүн биринде адамдар топтолуп, башаламандык катталган.

Ички иштер министрлиги (ИИМ) түнкүсүн калаада чогулгандар 700гө чейин жеткенин, таңга жуук баары тарап кеткенин билдирген. Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматы тополоңдо жабыркап, ооруканада дарыланып жаткан 11 бейтаптын абалы туруктуу экенин 20-майда кабарлады. Тополоңдо дарыгерлерге жалпы 41 адам кайрылган.

Бишкек шаардык милициясы башаламандыкка байланыштуу Кылмыш-жаза кодексинин 278-беренеси (Массалык башаламандык) жана 330-беренеси (Расалык, этностук, улуттук, диний же региондор аралык кастыкты козутуу) менен иш козгоп, иликтөө иштерин жүргүзүүдө.

Бул окуядан кийин пакистандык жарандарды алып чыгып кетүү үчүн чартердик каттам уюштурулганы маалым болду. Ишембиде Пакистан 180дей жаранын өлкөдөн чыгарып кетти.

ИИМ элдин нааразылыгын жараткан видеодогу окуя 13-майда болгонун тактады. Министрликтин маалыматына ылайык, чет өлкөлүк студенттер менен жергиликтүүлөрдүн мушташы боюнча “Бейбаштык” беренеси менен иш козголуп, чет өлкөлүк төрт жаран кармалды. Бул окуяга катышы бар Кыргызстандын эки жаранынын жүргөн жерин тактоо иштери жүрүп жатат.

XS
SM
MD
LG