Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Декабрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 22:00

Быйыл төрт айда балдарга каршы 52 зомбулук фактысы катталды


Иллюстрация.
Иллюстрация.

Ушул жылдын январь-апрель айларында Кыргызстанда балдарга каршы 52 зордук-зомбулук фактысы катталды. Анын ичинен 34 иш тергелип жатат. Алты иш кыскартылып, 12си сотко жөнөтүлдү. Зомбулукка кабылгандардын арасынан 48и кыздар, төртөө эркек балдар.

Бул тууралуу ички иштер министринин орун басары Эркебек Аширходжаев Жогорку Кеңештин Социалдык саясат боюнча комитетинин 20-майдагы жыйынында айтты.

Быйыл 31-январда башкы прокурор Курманкул Зулушев Кыргызстанда 2023-жылы балдарга каршы 1 832 кылмыш жасалганын билдирген. Анын сөзүнө караганда, мунун ичинен 478и Бишкекте, 427и Чүй облусунда, 220ы Жалал-Абадда, 225и Ош облусунда, 177и Ош шаарында, 119у Ысык-Көлдө, 89у Баткенде, 58и Нарында жана 39у Таласта катталган.

Акыйкатчы институту 2022-жылы Кыргызстанда жашы жете элек балдарга зордук-зомбулук, адам укугун бузуу боюнча иштердин 31% кыскартылып, 32% гана сотко жеткенин маалымдаган. Калган 37% создуктурулуп, өндүрүштө калган. (BTo)

XS
SM
MD
LG