Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:36

Артем Новиков Орус-Кыргыз өнүктүрүү фондуна кайрадан жетекчи болду


Артем Новиков. Архив.
Артем Новиков. Архив.

Артем Новиков үч жылга Орус-Кыргыз өнүктүрүү фондунун жетекчиси болуп кайрадан дайындалды. Тиешелүү тескемеге Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койгонун өкмөттүн басма сөз кызматы кабарлады.

Фонддун уставына ылайык, төрага үч жылдык мөөнөткө дайындалат.

37 жаштагы Артем Новиков бул кызматка 2021-жылы май айында келген. Ага чейин экономика министри, вице-премьер-министр кызматтарында иштеген.

Орус-Кыргыз өнүктүрүү фонду Кыргызстан менен Орусиянын өкмөттөрүнүн ортосунда 2014-жылы кол коюлган келишимдин негизинде түзүлгөн. Ал Кыргызстандын Евразия Экономикалык Биримдигине (ЕАЭБ) интеграция болуусуна көмөктөшөт деген жүйө келтирилген.

Фонд алгач 500 миллион доллар уставдык капитал менен иш баштаган. Кийин дагы ушунча сумма кошулуп, кыргыз ишкерлерине жалпы 1 млрд долларлык насыя берилери маалымдалган. (BTo)

XS
SM
MD
LG