Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:45

Бишкектеги тополоңдо жабыркагандардын абалы туруктуу


Бишкекте чет элдиктер жашаган жатакананын жанында топтолгондор, 18-май, 2024-жыл
Бишкекте чет элдиктер жашаган жатакананын жанында топтолгондор, 18-май, 2024-жыл

18-майга караган түнү Бишкекте болгон тополоңдо жабыркап, ооруканада дарыланып жаткан 11 бейтаптын абалы туруктуу. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматы 20-майда кабарлады. Тополоңдо дарыгерлерге жалпы 41 адам кайрылган.

Маалыматка ылайык, жабыркагандар шаардык "Тез жардам" ооруканасында жана Улуттук госпиталга жаткырылган. Ошондой эле Эл аралык медицина университетинин клиникасында сегиз чет элдик жаран дарыланууда. 19-май күнү аталган клиникага саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев барып, жабыркагандардын абалы менен таанышты. Баарынын абалы канааттандырарлык. Министр бейтаптардын абалын өз көзөмөлүнө алганын билдирди.

Министрликтин басма сөз кызматы кабарлагандай, тополоңдо жабыркагандардын дарылануусу жана башка дары-дармектеринин баары акысыз болот.

17-майда социалдык түйүндөрдө “чет элдиктер аралашкан” деген бир нече адамдын мушташы тартылган видео тарап, айрым колдонуучулар сабалгандар Кыргызстандын жарандары экенин жазышкан. Ошол видеодон кийин, 18-майга караган түнү Бишкектин чыгыш тарабындагы көчөлөрдүн биринде адамдар топтолуп, башаламандык катталган.

Ички иштер министрлиги (ИИМ) түнкүсүн калаада чогулгандар 700гө чейин жеткенин, таңга жуук баары тарап кеткенин билдирген.

Кыргыз өкмөтү буга чейин окуядан жалпысынан 29 киши жабыркаганын кабарлаган.

Бишкек шаардык милициясы башаламандыкка байланыштуу Кылмыш-жаза кодексинин 278-беренеси (Массалык башаламандык) жана 330-беренеси (Расалык, этностук, улуттук, диний же региондор аралык кастыкты козутуу) менен иш козголуп, иликтөө иштерин жүргүзүүдө.

Бул окуядан кийин пакистандык жарандарды алып чыгып кетүү үчүн чартердик каттам уюштурулганы маалым болду. Ишембиде Пакистан 180дей жаранын өлкөдөн чыгарып кетти.

Өткөн жылдын соңундагы расмий маалыматка караганда, Кыргызстанда 80 миңден ашуун чет өлкөлүк студент билим алууда – бул өлкөдөгү бардык студенттердин 35%. Чет элдик студенттердин 61% индиялыктар, 32% пакистандыктар. (ZKo)

XS
SM
MD
LG