Ош жана Өзгөн шаарларында сел жүрдү

Кыргызстанда жолду сел каптаган учурлардын бири. Иллюстрациялык сүрөт.

18-майда катуу жааган жаан-чачындын кесепетинен Ош шаарында сел жүрүп, Геолог шаарчасындагы Достук кичи районунда 2, Чкалов көчөсүндө 1 үйдүн жертөлөсүн каптады. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги (ӨКМ) кабарлады.

Министрлик тактагандай, окуя болгон жерге Ош шаардык башкармалыгынан 58 куткаруучу тартылды. Кесепеттерин жоюу боюнча кошумча маалымат берилет.

Мындан сырткары ушул эле күнү Ош облусунун Өзгөн районунун Өзгөн шаарында жааган жаандын кесепетинен турак үйдү суу каптады жана Мырзаке-Кара-Шоро ички чарбалык унаа жолуна сел жүрүп, кум, шагылга толтуруп салды. Унаа жолу жабылган.

Бул жерлерге Өзгөн райондук Өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнөн ыкчам топ тартылган.

Кыргызстанда сел коркунучу июнь айынын ортосуна чейин сактала турганын өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеев 15-майда Жогорку Кеңеште өлкө аймагында болуп жаткан табигый кырсыктардын кесепеттерин жоюу боюнча жүргүзүлүп жаткан иш-чаралар жөнүндө маалымат берип жатып билдирген.

Министр алдыңкы күндөрү дагы бир аптадай жаан-чачындуу аба ырайы болорун эскерткен.

20-25-апрель күндөр нөшөрдөн улам Ош, Жалал-Абад, Талас, Чүй облустарынын жана Ош шаарынын аймактарында үйлөрдү суу басып, бир катар автоунаа жолдору жабылган.

Селден улам Ош облусунда, Талас облусунун Талас районунда, Жалал-Абад облусунун Сузак районунда жана ушул эле облустун Ноокен районунун Момбеков айыл аймагында өзгөчө кырдаал режими киргизилген.

Маалыматка караганда, андан бери да өлкө аймагында улам-улам сел катталып жатат. ӨКМ кабарлагандай, 20-апрелден 15-майга чейин өлкө аймагында 125 өзгөчө абал катталган.

Алардын басымдуу бөлүгү Ош жана Жалал-Абад облусунда. Табигый кырсыктан бир адам каза болуп, сел 100дөн ашуун малды агызып кетти. 330дан ашуун турак үйдү сел каптап, 160тай чарбалык курулуштар, 26 социалдык объекттер зыян тартты. 121 чакырым автоунаа жана чарбалык жолдор, каналдар, ички чарбалык арыктар, 11 автоунаа жабыркап, 435 гектер айдоо аянтын сел каптады. Мындан сырткары 20 ички чарбалык көпүрө жарактан чыккан. Министрлик селдин кесепетин аныктоо иштери уланып жатканын тактаган. (ErN\DSh)

Дагы караңыз

Садыр Жапаров Кытайдын Мамлекеттик кеңешинин вице-премьери менен жолуктуОрусиянын Новороссийск шаарында 26 миң киши жарыксыз калдыБишкектеги окуяга байланыштуу төрт чет элдик кармалдыМинистрдин орун басары Пакистандын элчиси менен Бишкектеги окуяны сүйлөштүМинистрлер кабинети Бишкектеги окуяда киши өмүрү кыйылганы тууралуу маалыматтарды төгүндөдү