Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 07:33

Бишкектеги окуяга байланыштуу төрт чет элдик кармалды


18-майга караган түнү Бишкекте чогулган адамдар. "Азаттыктын" кабарчылары тарткан сүрөт.
18-майга караган түнү Бишкекте чогулган адамдар. "Азаттыктын" кабарчылары тарткан сүрөт.

Бишкекте 18-майга караган түнү болгон окуяга байланыштуу төрт чет элдик жаран кармалды. Кылмыш-Жаза кодексинин 278-беренеси (Массалык башаламандык) жана 330-беренеси (Расалык, этностук, улуттук, диний же региондор аралык кастыкты козутуу) менен иш козголуп, Свердлов райондук милициясы окуянын чоо-жайын териштирүүдө.

“Чет элдиктер жана жергиликтүү тургундар катышкан чыр” деп сүрөттөлүп жаткан окуяга кайсы өлкөнүн тургундары катышканы жөнүндө расмий айтыла элек. Кыргыз милициясы 18-майда Пакистандын элчилигин кайтарууга алды.

Анын алдында пакистандык айрым маалымат каражаттары Бишкекте түндөгү “окуяда каза болгондор бар болушу мүмкүн” деп кабар тараткан. Пакистандын Бишкектеги элчилиги аны бышыктаган жок. Ички иштер министрлиги да бул жалган маалымат экенин билдирди. Кыргыз өкмөтү такталбаган кабарларды таратпоого чакырды.

18-майда тышкы иштер министринин орун басары Алмаз Имангазиев менен Пакистандын Кыргызстандагы элчиси Хасан Али Зайгамдын жолугушуп, окуяны талкуулашты. Имангазиев элчиден пакистандык маалымат каражаттарынын өкүлдөрүнө туура эмес маалыматтарды таратпоо боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүүнү сурады.

17-майда интернетте "чет элдиктер аралашкан" деген бир нече адам катышкан мушташ тартылган видео тараган. Социалдык тармактын колдонуучулары сабалгандар Кыргызстандын жарандары экенин жазышты.

18-майга оогон түнү Курманжан Датка көчөсүндө жайгашкан чет элдиктердин жатаканасынын жанына жүздөгөн киши топтолгон.

“Азаттыктын” журналисттери жеринен кабарлагандай, чогулгандар 18-майда таңкы саат 5ке чукул тараган. Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынын башчысы Тилек Оторов түндө 18-25 жаш курактагы миңге чамалуу киши топтолгонун билдирген.

Учурда Бишкекте абал туруктуу. (SE\ErN)

XS
SM
MD
LG