Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 07:41

Орусиянын Новороссийск шаарында 26 миң киши жарыксыз калды


Электрдик көмөкчордон. Иллюстрациялык сүрөт.
Электрдик көмөкчордон. Иллюстрациялык сүрөт.

Орусиянын Крым жарым аралына жакын Новороссийск шаарында электр көмөкчордону өрттөнүп, 26 миң киши жарыксыз калды. Бул тууралуу калаа жетекчиси Андрей Кравченко Телеграм-каналында кабарлады.

Өрттүн себептери аныктала элек. Калаа жетекчиси үйлөргө электр энергиясын берүү акырындап калыбына келтирилип жатканын кабарлады.

Astra Телеграм-каналы жазгандай, жергиликтүү тургундар бул аймакта түнкүсүн дрондордун үнүн угушкан. Орусиянын Коргоо министрлиги комментарий бере элек.

Орусиянын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Краснодар крайы боюнча бөлүмү өрттүн аянты 25 чарчы метрди түзгөнүн билдирүүдө.

Москва Украинага ири масштабда согуш ачкандан бериОрусиянын аймактары утур-утур аткылоолорго жана дрон чабуулдарына туш болуп келет. Жыл башынан бери Орусиянын ондон көп аймагында 15тей мунай заводуна дрондор чабуул койгон.

Орус тарап "чабуул жасаган дрондордун баары Украинаныкы экенин" билдирсе. Киев адатта Орусиянын аймагында болгон окуяларды расмий комментарийлебейт. (ErN)

XS
SM
MD
LG