Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 07:42

Министрлер кабинети Бишкектеги окуяда киши өмүрү кыйылганы тууралуу маалыматтарды төгүндөдү


Бишкек шаарында коопсуздукту карап турган милиция кызматкерлери. 18-майга караган түн, 2024-жыл.
Бишкек шаарында коопсуздукту карап турган милиция кызматкерлери. 18-майга караган түн, 2024-жыл.

Кыргызстандын Министрлер кабинети 18-майга караган түнү Бишкек шаарында чет элдик жарандардын катышуусунда болгон окуяга байланыштуу билдирүү таратып, туура эмес маалыматтарды тараткандарга комментарий берди. Билдирүү мекеменин сайтына чыкты.

“Министрлер кабинети социалдык тармактарда чындыкка дал келбеген маалыматтарды таратуу аркылуу улуттар аралык кагылышууну жана башаламандыктарды тутандыруу аракеттерин чечкиндүү айыптайт. Эл аралык басма сөздө чет элдик студенттерге карата зомбулук жана адам өлтүрүү фактылары тууралуу жалган маалыматтарды жокко чыгарат. Укук коргоо органдары орун алган мыйзам бузуулардын бардык жагдайларын тыкыр иликтөөдө. Бардык күнөөлүүлөр аныкталып, мыйзам чегинде жоопко тартылат”, – деп айтылат Министрлер кабинетинин билдирүүсүндө.

Өкмөт мындан сырткары “акыркы айларда бийлик мыйзамсыз миграцияны токтотуу боюнча чечкиндүү чараларды көрүп жатканын, чет элдик студенттерге карата сабырсыздыкты тутандырууга багытталган ар кандай шылтоолорго жол берилбей турганын” белгилейт. Бийлик коопсуздукту камсыз кылуу, тынчтыкты жана туруктуулукту сактоо үчүн бардык зарыл чараларын көргөнүн маалымдап, коомдук тартипти бузууга аракет жасагандар ким болбосун жоопко тартыла турганын эскертти.

Буга чейин пакистандык айрым маалымат каражаттары Бишкекте 18-майга караган түндөгү "окуяда каза болгондор бар болушу мүмкүн" деген маалыматтарды жазып чыккан. Пакистандын Бишкектеги элчилиги бул маалымат ырасталбаганын маалымдап, алардын 14 жараны сабалганы тууралуу кабар алышканын билдирди.

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги (ТИМ) жабыркагандар тууралуу туура эмес маалыматтар тарап жатканын билдирип, медиаларды жана элчиликтерди текшерилбеген маалыматтарды таратпоого чакырды.

Саламаттык сактоо министрлиги билдиргендей, 18-майга караган түнү борбордо катталган окуяларда 29 адам жараат алды. 15 адам Бишкек шаардык тез жардам ооруканасына жана Улуттук госпиталга жеткирилип, калгандарына жеринде жардам көрсөтүлдү.

18-майдын таңына карата тез жардам ооруканасында эки бейтап дарыланууда. Диагнозу: баш мээнин жабык травмасы, мээнин чайкалышы. Бейтаптардын абалы салыштырмалуу канааттандырарлык деп бааланууда. Бир кишиге медициналык жардам көрсөтүлгөндөн кийин амбулатордук дарыланууга жөнөтүлгөн.

12 жабырлануучу ар кандай жарааттар менен Улуттук госпиталга жаткырылып, алардын 11и тиешелүү медициналык жардам көрсөтүлгөндөн кийин амбулатордук дарыланууга чыккан. Улуттук госпиталда жаткан бир бейтап – пакистандык жаран "жаак сөөгү сынган" деген диагноз менен жаткырылган. Ал операцияга даярдалып жатат.

17-майда интернетте "чет элдиктер аралашкан" деген бир нече адам катышкан мушташ тартылган видео тараган. Социалдык тармактын колдонуучулары сабалгандар Кыргызстандын жарандары экенин жазышты. Мындан кийин Бишкек шаарынын көчөлөрүндө ондогон жарандар топтолуп, башаламандыктар менен коштолгон.

Бишкектин Свердлов райондук милициясы окуя боюнча Кылмыш-жаза кодексинин “Бейбаштык” беренеси менен кылмыш иши козголгонун, чет өлкөлүк үч жаран Бишкек шаардык милициясынын убактылуу кармоочу жайына камалганын “Азаттыкка” билдирген. (ErN)

XS
SM
MD
LG