Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Июнь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 05:12

Министрдин орун басары Пакистандын элчиси менен Бишкектеги окуяны сүйлөштү


Пакистан Кыргызстандагы элчилигинин имараты.
Пакистан Кыргызстандагы элчилигинин имараты.

18-майда Тышкы иштер министрлигинде (ТИМ) министрдин орун басары Алмаз Имангазиев менен Пакистан Ислам Республикасынын Кыргызстандагы элчиси Хасан Али Зайгамдын жолугушуусу болуп өттү. Бул тууралуу маалымат ТИМдин сайтына чыкты.

“Жолугушууда пакистан тарапка чет элдик жарандардын катышуусунда болгон окуя жана мыйзамсыз аракеттерге бөгөт коюу, коомдук тартипти камсыздоо боюнча Кыргызстандын укук коргоо органдары көрүп жаткан чаралар тууралуу маалымат берилди. Кыргыз тарап окуя тууралуу Пакистандын элчисине тастыкталбаган маалыматтарды таратпоо боюнча пакистандык жалпыга маалымат каражаттарынын өкүлдөрү арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүү өтүнүчү менен кайрылды. Ошону менен бирге Кыргызстандын тышкы иштер министринин орун басары кырдаал компетенттүү органдардын көзөмөлүндө экенин билдирди”, – деп айтылат ТИМдин маалыматында.

Буга чейин пакистандык айрым маалымат каражаттары Бишкекте 18-майга караган түндөгү "окуяда каза болгондор бар болушу мүмкүн" деген маалыматтарды жазып чыккан. Пакистандын Бишкектеги элчилиги бул маалымат ырасталбаганын маалымдап, алардын 14 жараны сабалганы тууралуу кабар алышканын билдирди.

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги (ТИМ) жабыркагандар тууралуу туура эмес маалыматтар тарап жатканын билдирип, медиаларды жана элчиликтерди текшерилбеген маалыматтарды таратпоого чакырды.

Министрлер кабинети өз билдирүүсүндө “социалдык тармактарда чындыкка дал келбеген маалыматтарды таратуу аркылуу улуттар аралык кагылышууну жана башаламандыктарды тутандыруу аракеттерин айыптаган” жана “эл аралык басма сөздө чет элдик студенттерге карата зомбулук жана адам өлтүрүү фактылары тууралуу жалган маалыматтарды жокко чыгарды”.

Саламаттык сактоо министрлиги билдиргендей, 18-майга караган түнү борбордо катталган окуяларда 29 адам жараат алды. 15 адам Бишкек шаардык тез жардам ооруканасына жана Улуттук госпиталга жеткирилип, калгандарына жеринде жардам көрсөтүлдү.

17-майда интернетте "чет элдиктер аралашкан" деген бир нече адам катышкан мушташ тартылган видео тараган. Социалдык тармактын колдонуучулары сабалгандар Кыргызстандын жарандары экенин жазышты. Мындан кийин Бишкек шаарынын көчөлөрүндө ондогон жарандар топтолуп, башаламандыктар менен коштолгон.

Бишкектин Свердлов райондук милициясы окуя боюнча Кылмыш-жаза кодексинин “Бейбаштык” беренеси менен кылмыш иши козголгонун, чет өлкөлүк үч жаран Бишкек шаардык милициясынын убактылуу кармоочу жайына камалганын “Азаттыкка” билдирген. (ErN)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG