Кыргызстан абанын сапатын жакшыртуу үчүн 50 млн доллар насыя алат

Бишкекти каптаган ыш. Архивдик сүрөт.

Кыргызстан абанын сапатын жакшыртуу үчүн Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынан 50 млн доллар насыя алат. Тиешелүү мыйзамга президент Садыр Жапаров кол койгонун мамлекет башчынын басма сөз кызматы билдирди.

Мыйзамды Жогорку Кеңеш 18-апрелде кабыл алган.

Насыя абанын сапатын көзөмөлдөөчү автоматташтырылган станцияларды куруу жана модернизациялоого, абанын сапатын текшерүү үчүн химия лабораториясын жаңыртууга, турак жайларды жылытуу үчүн таза технологияларды киргизүүгө көмөктөшүүгө, Бишкекти жашылдандыруу жана шаардын ирригациялык системасын оңдоого жумшалат.

Бишкек соңку жылдары айрыкча суук түшкөндө дүйнөдөгү абасы булганган жана эң кир шаарлардын сап башынан түшпөй келет. Кыш мезгилинде борбор калаадагы абанын булганышы Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму сунуштаган абанын сапаты боюнча нормадан дээрлик 30 эсеге жогору болот.

Абаны негизинен жер тамдарда жагылган от, Жылуулук электр борборунун (ЖЭБ) түтүнү, шаардын тегерегиндеги башаламан курулуштар, автоунаалар булгай турганы айтылып келет. (BTo)

Дагы караңыз

УКМК "Бүтүн Кыргызстандын" лидеринин орун басары шайланган жагдайды териштирип жататШаардык сот “Клооптун” апелляциялык арызын кароодон баш тарттыБыйыл төрт айда жол кырсыктары 4% өстүАКШнын НАТОдогу элчиси Батыш Балкан өлкөлөрүн коргонуу чыгымын көбөйтүүгө чакырды Президент Жапаров алтын жана агасы тууралуу айтылгандарга кайрадан комментарий берди“Крокус Ситидеги” кол салууга шектелип кармалгандардын абактагы мөөнөтү узартылды