Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 11:33

Шаардык сот “Клооптун” апелляциялык арызын кароодон баш тартты


“Клооптун” сайты.
“Клооптун” сайты.

17-майда Бишкек шаардык соту “Kloop Media” коомдук фондун жоюу тууралуу Бишкектин Октябрь райондук соту чыгарган чечимге каршы берилген апелляциялык арызды кароодон баш тартты.

Бул тууралуу “Азаттык” радиосуна “Kloop Media” порталынын адвокаты Нурбек Сыдыков билдирип, судья арыз берүүнүн мөөнөтү өтүп кеткен деген жүйө келтиргенин билдирди. Анын сөзүнө караганда, апелляциялык арызды берүүдө Юстиция министрлигинин дарегиндеги бир сандан ката кетип калган.

“Арыз убагында берилген. Болгону Юстиция министрлигинин дареги Жаш гвардия бульвары 32 болсо, биздикилер 39 деп жазып алган. Бирок арыз Жаш гвардия бульварындагы эле дарекке берилген. Сот “силер туура эмес дарекке жибериптирсиңер” деп биринчи арызды артка кайтарган. Арыз кайра берилгени менен, убакыт өтүп кеткен деп койду”, - деди ал.

Нурбек Сыдыков шаардык соттун чечимине каршы Жогорку сотко арыз берилерин айтты.

Бишкектин Октябрь райондук соту 9-февралда “Kloop Media” коомдук фондун жоюу жөнүндө чечим чыгарган. Медианы жабуу арызы менен Бишкек шаардык прокуратурасы сотко кайрылган.

Шаардык прокуратура “Клоопту” жабуу боюнча сотко кайрылганы 2023-жылы 28-августта белгилүү болгон. Шаардын прокурору Эмилбек Абдыманаповдун арызында Kloop басылмасы “азыркы бийликтин жүргүзгөн саясатын кескин сындап, мамлекеттик, муниципалдык ишканалардын өкүлдөрүнүн кадыр-баркын кетирүүнү көздөгөн терс мүнөздөгү маалыматтарды көп жарыялай турганы” жазылган.

“Клооптун” башкы редактору Анна Капушенко бийликтин мындай аракетине мурдатан даярданып келишкенин, артка чегинүү болбой турганын билдирген.

“Kloop Media” порталын жабуу боюнча соттун чечимин эл аралык жана жергиликтүү бир катар уюмдар сынга алып, бийликти “Клооптун” сайтын ачууга чакырып келет. (BTo)

XS
SM
MD
LG