Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:00

АКШнын НАТОдогу элчиси Батыш Балкан өлкөлөрүн коргонуу чыгымын көбөйтүүгө чакырды


Жулианна Смит.
Жулианна Смит.

Кошмо Штаттар НАТО уюмунун бардык 32 мүчөсү Вашингтондо өтө турган саммитке карата коргонуу чыгымдарын ички дүң өнүмүнүн (ИДӨ) 2 пайызына чейин көбөйтүү убадасын аткарат деп үмүттөнөрүн АКШнын альянстагы элчиси Жулианна Смит билдирди.

16-майда «Эркин Европа/Азаттык» радиосуна курган маегинде ал НАТОнун мүчөсү болгон Хорватияга, Албанияга, Черногорияга жана Түндүк Македонияга 2 пайыздык максатка «саммитке чейинки аралыкта жетүү үчүн көбүрөөк аракет кылуу» сунушталганын айтты.

Соңку он жылдыкта аталган өлкөлөр коргоо тармагына чыгымдарын көбөйтүү үчүн татаал болсо да талыкпай иштеп келатканын, бул аракети колдоого аларлык экенин, анткени коопсуздук боюнча азыркы кырдаал ошону талап кылып жатканын айтты.

Смит Украинадагы согуш маселесине, Орусия менен Кытай ортосунда кызматташтык кеңейип жатканына, орус бийлиги Ирандан жана Түндүк Кореядан жардам алып, коргоо өндүрүшүн өнүктүрүп жатканына да көңүл буруп:

«Коргонуу чыгымдарыбызды көбөйтүү зарылчылыгын жараткан себептер баарыбызда эле өтө көп. Биз чынында эле альянстын ар бир мүчөсү 2 пайызын сарптай турган абалга жетишибиз келет», — деди.

АКШ Украинанын НАТОго мүчө болуусун камсыздоо үчүн «олуттуу кадамдарды» жасоого аракет кыларын жана анын коопсуздугу менен эгемендигинин камсыз болушуна колдоосун көрсөтө берерин Киевге 14-майда эки күндүк сапар менен барган Кошмо Штаттардын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен билдирген.

НАТОнун Вашингтондогу саммити быйыл июль айында өткөнү жатат. (RK)

XS
SM
MD
LG