Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:59

“Крокус Ситидеги” кол салууга шектелип кармалгандардын абактагы мөөнөтү узартылды


Шектүүлөрдүн бири Мухаммадсобир Файзов.
Шектүүлөрдүн бири Мухаммадсобир Файзов.

Сот Москва облусунун Красногорск шаарында "Крокус Сити Холл" борборундагы кол салууга шектелип кармалган төрт кишинин абактагы мөөнөтүн узартты. Тергөө аларды кылмышты аткарган деп эсептейт.

Соттун токтомуна ылайык, Мухаммадсобир Файзов, Фаридуни Шамсиддин, Далержон Мирзоев жана Муродал Рачабализода 22-августка чейин абакта калды, баары Тажикстандын жарандары. Алар сотко абактагы кийимчен, колу-буту кишенделип алып келинди. Шектүүлөрдүн бөгөт чарасын караган төрт соттук отурум тергөөнүн купуялуулугу жана коопсуздукту камсыз кылуу үчүн делип жабык өткөнүн "Интерфакс" жазды.

Кийинчерээк сот ушул эле иш боюнча дагы төрт шектүүнүн - Назримад Лутфулло, Жумахон Курбонов, Якубжон Юсуфзода жана Мухаммад Шарипзоданын абактагы мөөнөтүн узартты.

22-марттын кечинде Москвадан 20 чакырым алыстыкта жайгашкан Красногорск шаарында “Крокус Сити Холл” борборунун алты миңдей көрүүчүгө эсептелген концерттик залында отургандарга кол салуу болгон.

Кеминде төрт киши автоматчан кирип барып, адамдарды аткан жана өрт койгон видеолор тараган. Бери дегенде 145 адамдын өмүрүн алган кол салууга шек саналып кармалган ондон ашуун кишинин көбү теги тажикстандык экени аныкталган. (КЕ)

XS
SM
MD
LG