Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:51

Быйыл төрт айда жол кырсыктары 4% өстү


Кырсыкка кабылган автоунаалар.
Кырсыкка кабылган автоунаалар.

Быйыл төрт айда Кыргызстанда жол кырсыктары 4 пайызга өстү. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин (ИИМ) 17-майдагы кеңешмесинде айтылды. Мекеменин басма сөз кызматы билдиргендей, онлайн режимде өткөн жыйынга ИИМдин облустагы башкы башкармалыктарынын жетекчилери катышты. Министр Улан Ниязбеков адам өлүмү менен коштолгон жол-унаа кырсыктары боюнча эл арасында катуу талкуу жаралгандан кийин гана реакция жасоо өнөкөткө айланганын сындап, алдын алуу иштерин күчөтүүнү тапшырды.

“Интернет социалдык тармактарында жол-унаа кырсыктары боюнча видеолор байма-бай чыгып, коомчулуктун тынчын алган учурларды көрүп жатасыздар. Узак чакырымдарды түзгөн унаа тыгындары боюнча терс маалыматтар же адам өлүмү менен коштолгон кырсыктар боюнча маалыматтар жарыяланып, эл арасында катуу талкуу жаралгандан кийин реакция жасаганды өнөкөткө айлантып алдыңыздар. Талдоо боюнча караганда жол кырсыктары азайбай эле, тескерисинче, күндөн-күнгө көбөйүп жатат", - деди министр.

ИИМдин маалыматына караганда, Кыргызстанда 2023-жылы 7 миңге чукул жол кырсыгы катталып, андан 783 адам каза болду. Көз жумгандардын саны 2022-жылга салыштырганда 13,5% көп.

2022-жылы өлкөдө 7 040 жол кырсыгынан 11 миң 49 киши жаракат алып, 690 адам жашоо менен кош айтышкан. (КЕ)

XS
SM
MD
LG