2023-жылы судьяларга каршы 760 арыз түшүп анын негизинде 35 судья тартиптик жазага тартылды. Дагы сегиз судья ар кандай жагдайда кызматтан кетти. Бул тууралуу Жогорку соттун судьясы Кыдык Жунушпаев Жогорку Кеңештин 15-майдагы отурумунда депутаттардын суроолоруна жооп берип жатып айтты.
Ал Кыргызстанда сот системасы тазаланып келатканын, парламент 15-майда экинчи окууда кабыл алган “Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө” конституциялык мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу документ да жардам бере турганын билдирди.
Башкы прокурор Курманкул Зулушев 16-апрелде Кыргызстанда 2023-жылы судьяларга каршы 11 кылмыш иши козголгонун кабарлаган.
Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиев 2023-жылы 30-ноябрда Кыргызстанда соттор өкүмдөрдү дагы деле акча алып чыгарарын баары билерин, УКМК паракор судьяларды кармаганга аракет кылып жатканын айткан.
Жогорку соттун төрагасы Замирбек Базарбеков системада таза эмес иштеген адамдар бар экенин “Азаттыкка” курган маегинде мойнуна алган. Бирок Конституция боюнча соттордун ишине эч ким кийлигише албай турганын билдирген. (BTo)
Дагы караңыз
Бейшеналиевдин ишин иликтеген депкомиссияны жоюу сунушталды“Кемпирабадчылар” Дүйшөбаевди ооруканага жаткыруу керек экенин айтыштыОшто Жапалак айылынын тургундары жол коопсуздугун талап кылып акцияга чыгыштыМалайзиянын премьер-министри Кыргызстанга расмий сапар менен келдиДүйнөлүк саламаттык уюму Газада каза болгондордун санынан күмөн санабай турганын билдирди14-май: Сот Шакирди беш жылга кести, Грузияда, Арменияда бийликке каршы нааразылык уланууда