Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 04:32

Бейшеналиевдин ишин иликтеген депкомиссияны жоюу сунушталды


Алымкадыр Бейшеналиев.
Алымкадыр Бейшеналиев.

Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиевдин ишин иликтөө боюнча Жогорку Кеңеште түзүлгөн депутаттык комиссияны жоюу тууралуу демилге көтөрүлдү. Мындай сунушту парламенттин 15-майдагы жыйынында депутат Кубанычбек Самаков берди. Ал комиссия түзүү демилгесин көтөргөн Жусупбек Коргонбай уулу мандатын тапшырып кеткендиктен комиссия эч кимди сурай албай жатканын айтты.

Анын бул сунушун депутат Улугбек Ормонов сынга алып, комиссияны жоюуга негиз жок экенин билдирди.

“Комиссия ишин улантып бул маселеге чекит коюшу керек. Жалган болсо жалган деп, чын болсо аны чыгарыш керек. Демилге көтөргөн жигит (Жусупбек Коргонбай уулу) бул маселе боюнча кеткен жок. VII чакырылышта түзүлгөн депутаттык комиссиялардын ишинин жыйынтыгы чыкпаганы өкүнүчтүү”, - деди ал.

3-апрелде парламенттин ошол кездеги депутаты Жусупбек Коргонбай уулунун демилгеси менен комиссия түзүлүп, ага Жусупбек Коргонбай уулу өзү да кирген. Кийин комиссиянын мүчөлөрүнүн дээрлик бардыгы алмашкан. Комиссиянын мүчөсү, депутат Марлен Маматалиев буга чейин комиссия эки жолу жыйынга чогулуп, мамлекеттик мекемелерге 25тей кат жибергенин айткан.

Жусупбек Коргонбай уулу саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиевди коррупцияга айыптап, министрдин жана жакындарынын 50 млн доллар байлыгы бар экенин айткан. Андан тышкары анын уюшкан кылмыштуу топтор менен байланышы бар экенин билдирген.

Алымкадыр Бейшеналиев коюлган дооматтын баарын четке кагып, мурдагы депутатты сотко берген.

Жусупбек Коргонбай уулу кийин мандатын тапшыруу боюнча арыз жазып, Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) 23-апрелде анын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтоткон.

Президент Садыр Жапаров бул маселе боюнча “Кабар” агенттигине комментарий берип, “министрдин туура эмес иштери аныкталса жазага тартыларын” айткан. Мамлекет башчы кийинчерээк маекке “депутаттын айыптоолору тастыкталбаса, ал да тийиштүү жазасын алат” деп айтканы толуктоо катары киргизилген.

Алымкадыр Бейшеналиев биринчи жолу 2020-жылы саламаттык сактоо министри болгон. 2022-жылы июнда коррупцияга айыпталып камалып, эки аптадан кийин үй камагына чыккан. Бул чуулуу иштерден кийин 2022-жылы 19-августта президент Садыр Жапаровдун жарлыгы менен кызматтан бошотулган.

Башкы прокуратура Алымкадыр Бейшеналиевге чет өлкөлүк менчик компаниялардан 1 млрд 581 млн 474 миң сомго вакцина сатып алынганы үчүн айып койгон жана жалпысынан жети кылмыш иши козголгонун билдирген. Кийин ага козголгон бардык кылмыш иштери токтотулган.

Ал 2023-жылдын сентябрында кайра министр кызматына дайындалган. (BTo)

XS
SM
MD
LG