Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 07:26

“Кемпирабадчылар” Дүйшөбаевди ооруканага жаткыруу керек экенин айтышты


Кеңешбек Дүйшөбаев. Архив.
Кеңешбек Дүйшөбаев. Архив.

Кемпир-Абад иши боюнча шек саналып жаткан саясатчы, активисттер ушул эле иш боюнча айып тагылган Кеңешбек Дүйшөбаевди ден соолугуна байланыштуу үй камагына чыгаруу керек экенин айтышты. Бул тууралуу алар 15-майда Бишкектин Биринчи май райондук сотунда соттук жараян башталар алдында журналисттерге билдиришти.

“Кеңешбек Дүйшөбаев ооруканага жатып дарыланбаса эмне болуп кетет деп сарсанаа болуп атабыз. Бизге зөөкүрлүк саясат болуп жатат. Бул жакшы эмес. Азыр адилеттик тууралуу сөз кылып деле болбой калды. Бирок гумандуулук деген болуш керек да. Ооруп аткан адамды сотко кийимге салып алып көтөрүп келген мыйзамдуулук жагын айтпаганда да адамгерчилик жактан туура эмес”, - деди ушул иш боюнча шек саналып жаткан Конституциялык соттун мурдагы судьясы Клара Сооронкулова.

Бишкектеги №1 тергөө абагында жаткан Кеңешбек Дүйшөбаевди конвойлор ден соолугуна байланыштуу 14-майда сотко көтөрүп алып келишкен.

Саясатчынын абалы начарлаганына байланыштуу Кемпир-Абад иши боюнча абакта жаткандар 8-майда да кайрылуу жолдошкон. Анда Кеңешбек Дүйшөбаевди Жаза аткаруу кызматынын өкүлдөрү аны күч колдонуу менен сотко алып келишкени белгиленген. Алар муну кыйноо деп баалашкан.

Кыргыз-өзбек чек арасындагы Кемпир-Абад суу сактагычынын жери Өзбекстанга өтүп жатканына каршы пикирин билдирген 27 саясатчы, активист жана укук коргоочулар 2022-жылы октябрда камалган. Ушул тапта кармалгандардын ичинен тогуз киши тергөө абагында калды. Калгандары түрдүү жагдайда үй камагына чыккан.

Кемпир-Абад иши 2023-жылы июнь айында сотко өтүп, Ички иштер министрлигинин (ИИМ) Тергөө башкармалыгы ишке “жашыруун” грифин койгон. Милиция аларга Кылмыш-жаза кодексинин “Массалык баш аламандыктар” жана “Бийликти күч менен басып алуу” беренелери менен айып таккан.

Шектүүлөр мунун баарын саясий куугунтук катары сыпаттаган. Соттук жараяндар жабык өтүүдө. Айыпталып жаткандар аны ачык өткөрүү талабын коюп келишет. (BTo)

XS
SM
MD
LG