Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 07:40

Ошто Жапалак айылынын тургундары жол коопсуздугун талап кылып акцияга чыгышты


Жапалак айылынын акцияга чыккан тургундары. 15-май, 2024-жыл.
Жапалак айылынын акцияга чыккан тургундары. 15-май, 2024-жыл.

15-майда Ош шаарынын Жапалак айылынын 40тай тургуну жол коопсуздугун талап кылып нааразычылык акцияга чыгышты.

Алар Ош-Ноокат-Баткен автоунаа жолунда окуучуларды машиналар сүзүп кеткен окуяларга тынчсыздануусун билдиришти. Жергиликтүүлөрдүн айтымында, 13-майда мектепке бара жаткан алты жаштагы баланы “Howo” үлгүсүндөгү оор жүк ташуучу автоунаа сүзүп кеткен. Акцияга чогулгандар ушуну менен жыл башынан бери төтүнчү баланы машина сүзүп кеткенин айтышты.

Жергиликтүү тургундар буга чейин шаардык мэрияга жол чырак орнотуу боюнча бир канча жолу кайрылышып, бирок маселе чечилбегенин билдиришүүдө. Алар жергилктүү бийлик өкүлдөрүн келип эл менен жолугушуусун талап кылышты.

Расмий маалыматка ылайык, 2024-жылдын 1-январынан 17-мартына чейин Кыргызстанда 1 173 жол кырсыгы катталып, 82 адам каза болуп, 1 673 киши жаракат алган.

Өлкөдө 2023-жылы 6 945 жол кырсыгы катталып, андан 783 адам каза болгон. Көз жумгандардын саны 2022-жылга салыштырганда 13,5% көп. 2022-жылы 7 040 жол кырсыгынан 11 миң 49 киши жаракат алып, 690 адам жашоо менен кош айтышкан. (BTo)

XS
SM
MD
LG