Малайзиянын премьер-министри Кыргызстанга расмий сапар менен келди

Анвар Ибрагим жана Акылбек Жапаров. 14-май, 2024-жыл.

Малайзиянын премьер-министри Анвар Ибрагим Кыргызстанга расмий сапар менен келди. Аны 14-майдын кечинде “Манас” эл аралык аэропортунан Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров тосуп алды.

Маалыматка ылайык, Малайзиянын премьер-министрини Кыргызстанга Борбор Азияга сапарынын алкагында келди.

Сапардын алкагында жогорку деңгээлдеги жолугушуулар пландаштырылган. Жолугушуулардын жүрүшүндө кыргыз-малайзиялык мамилелерди саясий, соода-экономикалык, энергетикалык жана маданий-гуманитардык тармактарда өнүктүрүү маселелери талкууланат.

Кыргызстан менен Малайзиянын дипломатиялык алакасы 1992-жылы башталган. 1997-жылы Кыргызстан бул өлкөдө элчилигин ачкан. Азияда тез өнүккөн бул өлкө менен Кыргызстан соода-экономикалык байланышты күчөтүү керектигин билдирип келет.

2021-жылы эки өлкө Кыргызстанда Адал-индустрияны өнүктүрүү үчүн “Адал-парк” ачуу максатында эт адал-паркы боюнча консорциумунун алгачкы долбоорун талкуулашканы кабарланган. Долбоордун ишке ашканы тууралуу маалымат жок. (BTo)

Дагы караңыз

Дүйнөлүк саламаттык уюму Газада каза болгондордун санынан күмөн санабай турганын билдирди14-май: Сот Шакирди беш жылга кести, Грузияда, Арменияда бийликке каршы нааразылык уланууда Грузияда полиция "чет элдик агент мыйзамына" каршы чыккандарга күч колдонуудаБишкек менен Чүйдө маңзат даярдаган лабораториялар аныкталдыСот Путинди сындаганы үчүн кесилген Кара-Мурзанын арызын четке какты Грузин парламенти "чет элдик агент" мыйзамын жапырт нааразылыкка карабастан кабыл алдыКемпир-Абад иши: Конвойлор Дүйшөбаевди сотко көтөрүп келишти