Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 08:00

Кемпир-Абад иши: Конвойлор Дүйшөбаевди сотко көтөрүп келишти


Кеңешбек Дүйшөбаев. Архив.
Кеңешбек Дүйшөбаев. Архив.

Кемпир-Абад иши боюнча шек саналып Бишкектеги №1 тергөө абагында жаткан Кеңешбек Дүйшөбаевди конвойлор ден соолугуна байланыштуу 14-майда сотко көтөрүп алып келишти. Бул тууралуу “Азаттыкка” ушул эле иш боюнча шек саналып жаткан саясатчы Жеңиш Молдокматов менен активист Эрлан Бекчоро уулунун адвокаты Кантемир Турдалиев билдирди.

Кеңешбек Дүйшөбаевди сот залына 4-5 конвой көтөрүп киргени тартылган видеону Конституциялык соттун мурдагы судьясы, Кемпир-Абад иши боюнча айып тагылган Клара Сооронкулова Фейсбуктагы баракчасына жарыялады.

Мунун алдында укук коргоочу Азиза Абдирасулова Кеңешбек Дүйшөбаевдин ден соолугу начарлаганына карабай, ал сотко катышууга мажбурлап алып келингенин билдирген. 14-майда Кемпир-Абад иши боюнча Бишкетин Биринчи май райондук сотунда жараян болбой калып, отурум 15-майда уланмай болду.

Санаалаштарынын айтымында, анын кан басымы жогорулап, канындагы канттын көрсөткүчү 16га көтөрүлүп жатат. “Азаттык” азырынча Жаза аткаруу кызматынан комментарий ала алган жок.

Саясатчынын абалы начарлаганына байланыштуу Кемпир-Абад иши боюнча абакта жаткандар 8-майда да кайрылуу жолдошкон. Анда Кеңешбек Дүйшөбаевди Жаза аткаруу кызматынын өкүлдөрү аны күч колдонуу менен сотко алып келишкени белгиленген. Алар муну кыйноо деп баалашкан.

Кыргыз-өзбек чек арасындагы Кемпир-Абад суу сактагычынын жери Өзбекстанга өтүп жатканына каршы пикирин билдирген 27 саясатчы, активист жана укук коргоочулар 2022-жылы октябрда камалган. Ушул тапта кармалгандардын ичинен тогуз киши тергөө абагында калды. Калгандары түрдүү жагдайда үй камагына чыккан.

Кемпир-Абад иши 2023-жылы июнь айында сотко өтүп, Ички иштер министрлигинин (ИИМ) Тергөө башкармалыгы ишке “жашыруун” грифин койгон. Милиция аларга Кылмыш-жаза кодексинин “Массалык баш аламандыктар” жана “Бийликти күч менен басып алуу” беренелери менен айып таккан.

Шектүүлөр мунун баарын саясий куугунтук катары сыпаттаган. Соттук жараяндар жабык өтүүдө. Айыпталып жаткандар аны ачык өткөрүү талабын коюп келишет. (BTo)

XS
SM
MD
LG