Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 12:31

Грузин парламенти "чет элдик агент" мыйзамын жапырт нааразылыкка карабастан кабыл алды


Грузия.
Грузия.

Грузияда талаштуу "чет элдик агент" мыйзамы парламентте толук жактырылды. Өлкөнүн евроатлантикалык интеграция аракетине коркунуч туудурат жана Орусиядагы ушул сыяктуу репрессиялык мыйзамдын көчүрмөсү деп сынга кабылган мыйзам долбоору парламентте бүгүн, 14-майда үчүнчү окууда добушка коюлду.

Натыйжада 84 депутат «макул», 30 депутат «каршы» деген добушун беришти.

Бийликтеги "Грузин кыялы" партиясы демилгелеген мыйзам долбооруна бир нече жумадан бери он миңдеген грузин жарандары нааразылыгын билдирип келе жатат. Полиция демонстрацияга чыккандарга каршы суу бүрккүч, көздөн жаш агызуучу газ жана желим ок колдонду. Аларга белгисиз бирөөлөр кол салган окуялар да катталды. Митингге чыккандардын бир нечесин күч кызматкерлери кармап кетип жатты.

Бул демилгени АКШ, Евробиримдик жана башка бир нече мамлекет орус президенти Владимир Путиндин эркин ойлонгон жарандарды, көз каранды эмес институттарды чектөө жана жок кылуу үчүн колдонгон мыйзамына окшош деп айыпташкан.

13-майда парламенттин юридика комитетинде аталган маселе каралып жатканда, оппозиция өкүлдөрүнүн бул жыйынга катышуусуна тыюу салынган, анда “Грузин кыялын” колдогон депутаттар мыйзамды 67 секунд гана убакыт ичинде карап, жактырып беришкен.

Азыр Грузияда башкаруучу партия болуп турган "Грузин кыялын" кремлчил олигарх Бидзина Иванишвили негиздеген.

Президент Саломе Зурабишвили мындай мыйзамга кол койбой турганын билдирген. Бирок өкмөт президенттин ветосун жоюуга добушу жетиштүү экенин айткан.(RK)

XS
SM
MD
LG