Сот Рысбек Акматбаевдин тууганы экени айтылган адамды камакка алды

Шектүүгө таандык делген мүлктөрдүн айрымдары. Сүрөт УКМКга таандык. 10-май, 2024-жыл.

Бишкектин Биринчи Май райондук соту өзгөчө ири өлчөмдө алдамчылыкка шек саналып кармалган уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсүн (А.М.Т.) 8-июнга чейин Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) убактылуу кармоочу жайына камакка алды.

Мындай чечим 10-майда кабыл алынганын райондук соттун басма сөз кызматы малымдады.

Атайын кызмат ал уюшкан кылмыштуу топтун колдоосу менен С.Э. аттуу адамдын мүлкүн жана биргелешкен бизнестеги үлүшүн ээлеп алганы аныкталганын билдирген. Тергөөдө шектүүнүн Бишкек шаарынын аймагында аянты үч гектардан ашык, баасы алдын ала эсептөөлөр боюнча 10 миллион долларды түзгөн муниципалдык жер тилкелерин мыйзамсыз жеке менчикке чыгарууга катыштыгы бар экени такталган.

Ал кримтөбөл менен туугандык байланышын пайдаланып, муниципалдык жерди пайдаланганы үчүн ижара акысын кем баалап, төлөбөй койгону айтылган.

Kaktus.media сайты укук коргоо органдарындагы булактарына шилтеме берип, камакка алынган адам кримтөбөл, маркум Рысбек Акматбаевдин тууганы, Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Таберик Акматбаевдин уулу экенин жазды. (BTo)

Дагы караңыз

Шаардык сот бейбаштыкка шек саналып кармалгандарды абакта калтырдыМинистрлик бүтүрүү кечелерин уюштурууга тыюу салынганын эскертти Грузияда «чет элдик өкүл» мыйзамы комитетте үчүнчү окууда колдоо тапты, 20 митингчи кармалдыУкраина Орусиянын чабуулунан бир киши каза болгонун, Волчанскиде абал оор экенин билдирди Соода борборлордун кайтарылган аянттары мамлекеттин менчигине өткөрүлөтЫсык-Көлдө “Каркыра” комплексинин курулушу башталды"Сезим" кризистик борборуна Атыр Абдрахматова жетекчи болуп келди