Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 08:18

Ысык-Көлдө “Каркыра” комплексинин курулушу башталды


“Каркыра” комплексинин долбоору.
“Каркыра” комплексинин долбоору.

Президентке караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттик Ысык-Көлдө жыл бою иштей турган “Каркыра” тоо-ден соолукту чыңдоочу комплексинин курулушунун биринчи этабы башталганын билдирди.

Мекеменин маалыматына ылайык, ушул тапта курулуш аянтын жабдуу, анын ичинде техникалык жолдорду жана электр энергиясын жеткирүү боюнча иштер жүрүп жатат. Коттедждик шаарчаны курууга керектүү материалдар объектке жеткирилген. Долбоорду ишке ашыруунун планы жана концепциясы иштелип чыгып, комплексти куруу үчүн жер тилкелерин каттоо иштери жүргүзүлгөн.

“Каркыра” комплексинин долбоору.
“Каркыра” комплексинин долбоору.

Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин директору Талантбек Иманов курулуш иштеринин жүрүшү менен таанышып, комплекс Ысык-Көл облусундагы мындай типтеги биринчи ири эс алуу борбору боло турганын айтты.

Долбоорду “Экогород Каркыра” ишканасы ишке ашырууда. Анын наркы 191 миллион доллардан ашык деп эсептелген. (BTo)

XS
SM
MD
LG