Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 07:00

Министрлик бүтүрүү кечелерин уюштурууга тыюу салынганын эскертти


Билим берүү жана илим министрлиги мектептерде бүтүрүү кечелерин уюштуруу, мугалимдерге белек берүү үчүн акча чогултпоо керектигин эскертти. Бул тууралуу мекеменин Мектеп жана мектептен тышкары билим берүү башкармалыгынын жетекчиси Алтынбек Жапаров "Биринчи радиого" билдирди.

Бүтүрүү кечелерин уюштурууга, мугалимдерге белек берүүгө президенттик жарлыгы менен тыюу салынган.

Эреже министрликтин быйылкы буйругунда да айтылып, кокус балдар катышкан кырсык же жаңжал болсо, бул үчүн ата-энелердин жоопкерчилиги каралышы мүмкүндүгүн Жапаров кошумчалады.

Аталган министрлик маалымдагандай, 2023-2024- окуу жылында 11-классты 73 000ден ашуун, 9-классты 128 000ден ашуун окуучу бүтүрүүдө. Быйылкы бүтүрүүчүлөргө электрондук аттестат да берилет.

Акыркы коңгуроо салтанаты 25-майда болот. Мамлекеттик сынактар 20-июнга чейин уланат. (SE)

XS
SM
MD
LG