Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 02:08

Шаардык сот бейбаштыкка шек саналып кармалгандарды абакта калтырды


Азамат Марипов, Эркланбек Тагаев, Руслан Самудин уулу, Илимбек Истамов (Исраилов), Мирлан Стамов, Нурак Акимов
Азамат Марипов, Эркланбек Тагаев, Руслан Самудин уулу, Илимбек Истамов (Исраилов), Мирлан Стамов, Нурак Акимов

Бейбаштыкка шек саналып кармалып, эки айга камалган алты кишинин төртөөнүн бөгөт чарасын өзгөртүү тууралуу апелляциялык арызды Бишкек шаардык соту 29-апрелде карап, четке какканы белгилүү болду. Бул тууралуу ушул иш боюнча камакка алынган Азамат Марипов, Эркланбек Тагаев жана Илимбек Истамовдун (Исраилов) адвокаты Памир Суранбаев билдирди.

Анын сөзүнө караганда, шаардык сот Мирлан Стамовдун да бөгөт чарасын өзгөртүп, үй камагына чыгаруу боюнча жактоочусунун арызын канааттандырган эмес. Калган эки кишинин адвокаты кийинки инстанцияга кайрылган жок.

9-апрелде Бишкектин Ленин райондук соту Руслан Самудин уулу, Азамат Марипов, Эркланбек Тагаев, Мирлан Стамов, Илимбек Истамов (Исраилов) жана Нурак Акимовду Бишкектеги №1 тергөө абагына 8-июнга чейин камакка алган.

Аларга Кылмыш-жаза кодексинин “Бейбаштык” жана “Эркиндигинен мыйзамсыз ажыратуу” беренелери менен айып тагылып жатат. Шектүүлөр коюлган кинени четке кагышкан.

Бишкек шаардык милициясы 8-апрелде бейбаштыкка шек саналып алты адам кармалганын билдирген. Милициянын маалыматына ылайык, 7-апрелде Бишкектин Ленин райондук милициясына Б.Д. аттуу адам кайрылып, 6-апрелде тамактануучу жайлардын биринде топ адамдар анын денесине залал келтирип, узак убакыт бою мыйзамсыз кармашканын айтып арызданган.

Бул фактынын негизинде Ленин райондук милициясынын Тергөө кызматы Кылмыш-жаза кодексинин “Бейбаштык” беренеси боюнча кылмыш ишин козгоп, соттук-медициналык экспертиза дайындалган. Экспертизанын жыйынтыгында арыздануучyнун башы жабыркап, мээси чайкалып, астыңкы эрини жырылып кеткени аныкталган.

Мунун алдында Азамат Марипов “президенттин иш башкармалыгынын башчысы Каныбек Туманбаев ага чагымчыл аракеттерди көргөнүн, анын адамдары ашканага тыңшоочу аппаратты койгонун” айтып, коомчулукка видео кайрылуу жасаган.

Каныбек Туманбаев айыптоого жооп берип, Марипов андан үйлөнүү тоюн өткөрүү үчүн 13 миң доллар сураганын, ага өз жанынан акча бергенин айткан. Кийин “дагы эле опуза кыла баштаганда президент Садыр Жапаровго айтып, жолугушканын” билдирген.

Азамат Марипов - Фейсбуктун активдүү колдонуучусу, ал социалдык тармактарда президент Садыр Жапаровду, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиевди ачык колдогон билдирүүлөрдү жазып жүрөт.

Садыр Жапаров бул окуя боюнча 9-апрелде “Кабар” улуттук маалымат агенттигине комментарий берип, опузалап кылып акча доолагандар, коррупцияга аралашкандар ким болсо да жоопко тартыларын, “мекенчилмин” деп мыйзамсыз иштерди кылгандар бар экенин айткан. (BTo)

XS
SM
MD
LG