Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) Кыргызстандын 58 жаштагы жараны Сирияда согушка катышкан деген шек менен 4-майда Түркиядан кармалып, Кыргызстанга алынып келгенин билдирди.
Мекеменин маалыматына караганда, ага чет жакта согушттук аракеттерге катышкан, террористтик жана экстремисттик даярдыктан өткөн, ошондой эле улуттук этностор аралык, расалык, диний жана регион аралык кастыкты козуткан деген айып коюлууда.
Шектүү 2015-жылдын ноябрь айында Сирияда “Жабхат-Ан-Нусра” эл аралык террористтик уюму тарабынан куралдуу жаңжалга катышканы аныкталган. Ал соттун чечими менен УКМКнын тергөө абагына киргизилди.
Атайын кызматтын 2018-жылдагы маалыматында айтылгандай, Сириянын согуш болуп жаткан аймактарына Кыргызстандан 850 жаран кетип, анын 150сү набыт болгон. Террордук уюмдарга кошулуп кеткен кыргызстандыктардын 140ка жакыны аялдар экени айтылган.
Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Ирактын жана Сириянын түрмөлөрүндө отурган кыргызстандык 200дөй аялдын жана 400дөй баланын тизмеси аныкталганын билдирген.
Тышкы иштер министрлигинин (ТИМ) басма сөз кызматы февраль айында Сириянын түндүк-чыгышындагы атайын лагерлерден эки жылда Кыргызстандын 432 жараны алынып келгенин кабарлаган. Алардын 303ү балдар, калган 129у аялдар. (BTo)
Дагы караңыз
Министрлик Кыргызстанда 91 миң адам жумушсуз экенин билдирдиМахабат Тажибек кызынын абакта сабалды делген сүрөтү жарыяландыИИМ жол кырсыктарынын 92% айдоочулар күнөөлүү экенин билдирдиПутин коргоо министри Шойгуну алмаштырууну чечти Ереванда Пашиняндын отставкасын талап кылган митинг уландыБишкек-Ош жолуна таш кулап, автоунаа кыймылына чектөө киргизилди