Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 09:24

ИИМ жол кырсыктарынын 92% айдоочулар күнөөлүү экенин билдирди


Быйыл 26-январда Бишкек-Нарын-Торугарт айланма жолунда болгон кырсык. Иллюстрациялык сүрөт.
Быйыл 26-январда Бишкек-Нарын-Торугарт айланма жолунда болгон кырсык. Иллюстрациялык сүрөт.

Ички иштер министрлигинин (ИИМ) Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын маалыматы боюнча, өлкөдө жол кырсыктарынын 92% айдоочулардын күнөөсүнөн болот.

Мекеме айдоочулар автоунааны каттуу ылдамдыкта айдагандан, карама-каршы тилкеге чыгуудан, мас болуп машина айдагандан, кууш, тар жерлерде айдоочулар бири-бирине жол бошотуп бербегендиктен кырсык көп катталып жатканын билдирди.

Расмий маалыматка ылайык, 2024-жылдын 1-январынан 17-мартына чейин Кыргызстанда 1 173 жол кырсыгы катталып, 82 адам каза болуп, 1 673 киши жаракат алган.

Өлкөдө 2023-жылы 6 945 жол кырсыгы катталып, андан 783 адам каза болгон. Көз жумгандардын саны 2022-жылга салыштырганда 13,5% көп. 2022-жылы 7 040 жол кырсыгынан 11 миң 49 киши жаракат алып, 690 адам жашоо менен кош айтышкан. (BTo)

XS
SM
MD
LG