Израил Газанын бир нече аймагына сокку урду

Газадагы кырдаал, 12-май, 2024-жыл.

12-майда Израилдин армиясы (ЦАХАЛ) Газа тилкесинин бир нече аймагына сокку урду. Франс Пресс жаңылыктар агенттигинин кабарчылары маалымдагандай, аба чабуулдары жекшембиге караган түнү жана таң эрте Газанын түндүк, борбордук жана түштүк аймактарында катталды.

Журналисттер Газанын айрым райондорунда ЦАХАЛ жана согушкерлер тобунун ортосунда кармаш болгонун билдиришүүдө. Reuters жаңылыктар агенттиги жазгандай, жекшембиде Израил Газа тилкесинин түндүгүндөгү Жабалия качкындар лагерине танктарды жөнөттү.

Буга чейин расмий Тель-Авив АКШ менен Евробиримдик террорчул уюм деп тааныган ХАМАС тобунун Газанын түндүгүндөгү түзүмдөрүн жок кылганын жарыялаган. Бирок ишемби күнү Израил армиясынын атайын өкүлү Даниэл Хагари радикал топ Жабалия аймагында кайрадан аскердик аракеттерин жандатканын, ЦАХАЛ аларга каршы күрөшүп жатканын айткан.

Мунун алдында Израилдин бийлиги Газанын түштүгүндөгү Рафах шаарында баш калкалап жаткан жүз миңдеген жайкын тургундарды аймактан чыгып кетүүгө чакырды. ЦАХАЛ Рафахты хамасчылардын акыркы чордону деп сыпаттап, бул аймакты радикал топтон толук тазалоону убада кылып келет. Бириккен Улуттар Уюму баштаган эл аралык уюмдар жана бир катар Батыш өлкөлөрү Израил Рафахты бутага алса, анын гуманитардык кесепети оор болорун эскертип келишет.

Газадагы согуш 2023-жылдын 7-октябрында башталган. Буга хамасчылардын Израилдин аймагына кол салуусу түрткү берген. Миңден ашуун кишинин өмүрүн алган кол салууга жооп катары башталган Израилдин чабуулдары Газада миңдеген адамдын өлүмүнө, ири кыйроолорго алып келди.

ХАМАС башкарып келген Газанын Саламаттыкты сактоо министрлигинин соңку маалыматы боюнча, тилкедеги чабуулдардан өлгөн адамдардын саны 35 миңден ашты.

Дагы караңыз

"Асман жарылгандай болду". Орусия Харьковго чабуулун күчөттүБелгороддо кабаттуу үйдүн бир ыптасы кыйрады. Москва Киевди айыптоодоХарьковдун түндүгүнөн 4 миң адам эвакуацияландыИранда парламенттик шайлоодо эскичил партиялар алдыга чыктыEurovision: Швейцариянын жеңиши, финал алдындагы чыр