Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:33

Белгороддо кабаттуу үйдүн бир ыптасы кыйрады. Москва Киевди айыптоодо


Кыйраган көп кабаттуу үй. Белгород. 12-май, 2024-жыл.
Кыйраган көп кабаттуу үй. Белгород. 12-май, 2024-жыл.

Орусиянын Белгород шаарындагы көп кабаттуу үйлөрдүн бир подъезди аткылоодон улам кыйраган тасманы жергиликтүү Телеграм каналдар жарыялашты. Облустун губернатору Вячеслав Гладков үй снаряд тийип кыйраганын билдирди. Кыйроодон мерт кеткендер бар экени кабарланды, бирок расмий айтыла элек.

Телеграм каналдар болжолдуу көзөмөл камерасынан алып тараткан тасмада подъезддин жарылуудан улам кыйраган учуру тартылган. Куткаруу иштери уланып жатат. Урандылардын алдынан бир нече адам куткарылганы кабарланды.

Орусиянын Коргоо министрлиги украин армиясы Белгородду тактикалык "Точка-У" жана РСЗО ракеталарынан аткылады деп айыптады. Маалыматта ракеталар жана снаряддар атып түшүрүлгөнү, алардын биринин сыныгы көп кабаттуу үйгө тийгени айтылган.

Орусиянын Коргоо министрлиги мурдараак орус аскерлеринин соккусунан Украинанын тургундарынын каза тапканы үчүн ракеталарды атып түшүргөн украин Куралдуу күчтөрүн айыптап келген.

Орусиянын Тергөө комитети бул окуяны "украин куралдуу түзүмдөрүнүн Белгород шаарына жасаган чабуулунан снаряд көп кабаттуу үйгө тийди" деген жүйө менен "теракт" катары сыпаттап, кылмыш ишин козгоду. Украин аскерлери азырынча буга комментарий бере элек.

Тергөө комитети "баштапкы маалыматтар боюнча өлгөндөр жана жаракат алгандар бар" деп билдирип, бирок так санын атаган жок. Mash Телеграм каналы жети адам мерт кеткенин жазды. ТАСС кеминде 13 киши жабыркаганын билдирди.

Учурда көп кабаттуу үйдүн башка подъезддеринен тургундарды эвакуациялоо жүрүп жатканы кабарланды. Орусиянын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги жалпы 16 батир кыйраганын маалымдап, бирок анда канча адам болгонун ачыктаган жок.

Белгород акыркы апталарда украин аскерлеринин соккусуна кабылып келет. 11-майда соккудан бир адам өлүп, 29 киши жаракат алганы кабарланган.

Белгород облусу тараптан Харьков облусуна жана шаарына ракеталык чабуулдар жасалууда. Акыркы күндөрү орус аскерлери аткылоону күчөтүп, облустун түндүк тарабын басып алуу аракетин көрүүдө.

Орусия Украинага 2022-жылы 24-февралда кол салган.

XS
SM
MD
LG