Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 18:16

Иранда парламенттик шайлоодо эскичил партиялар алдыга чыкты


Ирандагы шайлоо. Иллюстрациялык сүрөт.
Ирандагы шайлоо. Иллюстрациялык сүрөт.

Ирандагы парламенттик шайлоонун экинчи айлампасында көпчүлүк орундарды эскичил партиялар утуп алышты. Бул тууралуу добуштар саналгандан кийин жергиликтүү бийликтер маалымдашууда.

Добуш берүү жума күнү болгон. Шайлоодо Ислам консультативдик кеңешмесиндеги 290 орундун 45ине таймаш жүрдү. Эскичил партиялар 32 орунду ээлеп, 190 орунду көзөмөлдөө укугуна ээ болушканын EFE агенттиги жазды. AFP басылмасынын санагына караганда, учурдагы өкмөттүн тарапкерлери 290 орундун 233үн көзөмөлдөшөт.

Парламенттик шайлоонун 2-айлампасы Иранда массалык нааразылык акциялары басылгандан кийин өттү. Өлкөнүн жогорку диний лидери аятолла Али Хаменей жарандарды добуш берүүгө чакырганына карабай, шайлоочулардын катышуусу эң төмөн болгонун «Фарда» радиосу маалымдады.

Быйыл мартта өткөн 1-айлампада шайлоочулардын расмий катышуусу 41% түзүп, өлкө тарыхындагы эң төмөнкү жыйынтык болгон. Тегеранда 26% болгон. Экинчи айлампада Тегерандагы шайлоочулардын 8% гана добуш берүүгө келгени бейрасмий маалымдалды.

Иранда 1-май - Эл аралык эмгек күнүнө карата пенсионерлер, студенттер, жумушчулар, дыйкандар жана багбандар нааразылык акция уюштурушкан.

«Фарданын» маалыматына караганда, 170 муниципалдык кызматкер иштен алынды, айрым активисттер суракка чакырылды. Бийлик мындай акциялар «сырттагы күчтөрдүн» шыкагы менен уюштурулган деп эсептейт.

XS
SM
MD
LG