Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Июль, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 22:33

Eurovision: Швейцариянын жеңиши, финал алдындагы чыр


Eurovision-2024 эл аралык ыр сынагында Швейцариядан ат салышкан ырчы Nemo жеңүүчү болду.

Ал The Code ырын опера, электро жана поп жанрын аралаштырып аткарды. Адамдын жеке изденүүсү, өзүн-өзү аңдап билүү эркиндиги жөнүндөгү чыгарманы Nemo сахнанын ортосунда айланып турган спутниктин үстүндө ырдады.

Заманбап музыка мелдешинин финалы 11-майдын кечинде Швециянын Мальмо шаарында коопсуздук дыкат көзөмөлдөнгөн шартта өттү.

Экинчи орунга Хорватиянын, үчүнчүгө Украинанын ырчысы татыктуу болушту. Ал эми финалдын алдындагы чырга байланыштуу фавориттердин бири - нидерланддык ырчы конкурстан четтетилди.

Быйылкы таймаш ырчылардын сахнадагы эпатаж стилдери менен да эсте калды.

Нааразылык коштогон сынак

Ыр таймаш бул жылы Газадагы кырдаалдан улам коопсуздук чаралары күчөтүлгөн шартта өттү. Талдоочулар мындай жагдай таймаштын чыгымын эселетип жогорулатканын жазышты. Мелдешти израилдик ырчыны сынакка катыштырбоого чакырган акциялар коштоду.

Полиция күчөтүлгөн шартта иштеди.
Полиция күчөтүлгөн шартта иштеди.

Январда швециялык бир катар маданият ишмерлери Газа тилкесиндеги кырдаалдан улам Израилди Орусия сыяктуу эле сынакка катышуудан четтетүүнү талап кылган петицияга кол коюшкан. Март айында Eurovision-2024 сынагынын 37 катышуучусу Газада ок атышууну токтотууга чакырышкан. Европа телерадиоберүү биримдиги (EBU) атайын билдирүү жасап, Израил эмне үчүн сынактан чыгарылбаганын түшүндүргөн. Расмий маалыматта сынакта саясат жок экени айтылган.

Швециянын түштүгүндөгү Мальмодо палестиналык диаспора жамааттарынын чоң тобу бар.

Франс Пресс агенттиги жазгандай, көрөрмандар дыкат текшерилип, тартип сакчылары демонстранттарды аренага жакындатпады.

Эден Голан
Эден Голан

Израилден катышкан Эдан Голан бешинчи орунду ээледи. Ал конкурстун башында журналисттерге "музыка элди бириктирет" деп үмүт артып турганын билдирген.

Нидерланддык ырчы сынактан четтеди

Eurovision сынагынын фавориттеринин бири - нидерланддык Йост Клейн сахна артындагы окуядан кийин "жосунсуз жоругу" үчүн ыр таймаштан четтетилди. Ырчы бул чечимге таң калганын билдирип, аша чапкан чара катары мүнөздөдү.

Швеция полициясы жума күнү көшөгө артында болгон окуянын чоо-жайы такталып жатканын билдирген. Жергиликтүү басылмалар Клейн сынакты уюштуруу тобунун мүчөлөрүнүн бири менен урушуп кеткенин жазышты.

Йост Клейн
Йост Клейн

Уюштуруучулар чырга башка аткаруучулар же делегация мүчөлөрү катышпаганын белгилешкен. Тактала элек маалыматтарга караганда, окуя израилдик ырчы Эден Голан менен Йост Клейн бирге репетицияга даярдык көрүп жатканда болгон. BBC радиосунун орус кызматы жергиликтүү журналисттерге таянып, "Газадагы калабадан улам алардын ортосунда көптөн бери пикир келишпестик бар экенин" жазды.

Сынакты уюштурган Европа телерадиоберүү биримдиги териштирүү болуп жатканына карабай, нидерланддык ырчыны сынактан четтетти.

"Биз сынактын бардык катышуучуларына коопсуз жана тынч иш чөйрөсүн камсыз кылууга умтулабыз. Ушуга байланыштуу, Йост Клейндин жоругу мелдештин эрежелерин бузуу болуп эсептелет",- деп айтылат түшүндүрмөдө.

26 жаштагы Клейн сынактын фавориттердин бири эле. Анын атасына арналган Europapa ыры европачыл техно гимн катары сыпатталган. Атасы Йост 12 жашында рактан каза болгон. Ырчы атасына "Бир күнү Eurovision сахнасына чыгам" деп сөз берген.

Уюштуруучулар чукул аралыкта Клейнди башка катышуучу менен алмаштыруу мүмкүн эместигин белгилешти. Ошентип ишембидеги финалга пландагы 26 артист эмес, 25и катышты.

Заманбап музыка сынагынын шартына ылайык, ырчылар жандуу үн менен оригиналдуу чыгарма тартуулашы керек жана ырдын узактыгы үч мүнөттөн ашпоого тийиш. Сахнада ырчыны коштогон бийчи же вокалисттер алтыдан көп болбошу кажет.

Жеңүүчү калыстар тобунун жана элдик добуш берүүнүн жыйынтыгында чогулган упайлар менен аныкталат.

Швейцария буга чейин Eurovision сынагын эки жолу - 1956, 1988-жылдары уткан.

Хорватиядан сынакка катышкан ырчы.
Хорватиядан сынакка катышкан ырчы.

Букмекерлердин божомолу менен быйыл жеңиши мүмкүн деген фавориттердин арасында хорватиялык, ирландиялык, израилдик жана украиналык ырчылар бар эле. 40тай өлкөдөн ат салышкан аткаруучулар эки жолку жарым финалда элдик добуш берүү менен тандалып, финалга чыккандар негизги байге - Хрусталь микрофон үчүн таймашты.

Европа телерадиоберүү бирикмеси Eurovision сынагын 1956-жылдан бери такай уюштуруп келет. Ким утса кийинки сынак ошол ырчынын мекенинде өтөт. 2023-жылкы таймашты швециялык Лорин Tattoo деген ыры менен уткан.

Орусия Украинага согуш ачканы үчүн эки жыл мурда жарыштан чыгарылган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG