Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:22

Харьковдун түндүгүнөн 4 миң адам эвакуацияланды


Коопсуз жактарга кетип жаткан украиндер. Харьков. 12-май, 2024-жыл.
Коопсуз жактарга кетип жаткан украиндер. Харьков. 12-май, 2024-жыл.

Украинанын Харьков облусунун түндүк аймактарында согуш күч алганынан улам, 4 миңден ашуун киши коопсуз жакка көчүүгө аргасыз болду. Бул тууралуу жекшембиде облустук аскердик администрация башчысы Олег Синегубов билдирди.

Жекшембинин таңында Волчанск шаарын аткылоо учурунда бир адам мерт кетти. Абадан урулган сокуудан кыйраган урандылардын алдынан дагы бир аялдын сөөгү чыкты. Эки адам тирүү табылды.

Орус аскерлери Волчанск шаарын жана облустун башка аймактарын аткылоону 10-майдан тарта кескин күчөтүштү. Ошол эле күнү Орусия украин аймагындагы айыл-кыштактарды ээлөө аракетинде чабуул баштаган.

2022-жылы орус аскерлери чек арадан артка чегинүүгө аргасыз болгон. Андан бери артиллериялык чабуулдар гана жасалып келсе, эми басып алуу аракети болуп жатканы кабарланууда.

Украинанын Башкы штабы Харьков облусунда согуш жүрүп жатканын билдиргени менен ачык маалымат бере элек.

Орусиянын Коргоо министрлиги Украинанын аймагындагы бир нече кыштакты ээлегенин маалымдады.

Украин тарап айрым аймактарда чек арадан чегинүү болгонун ырастады.

Интернеттеги тасмалардан орусиялык аскерлер бир нече кыштакты ээлегенин, согуш алардан түштүк тарапта болуп жатканын көрүүгө болот.

Украиналык Deep State долбоору орус аскерлери Харьков багытындагы төрт, Волчанск багытындагы эки кыштакка жайгашканын ырастады.

АКШнын Согушту иликтөө институту (ISW) орус аскерлери учурда Харьковду ээлөөнү көздөбөй турганын, украин аскерлерин Харьковго, артиллерия жеткидей аралыкка чогултуп, Белгородду коргоо үчүн "буфердик аймак" түзүүнү максат кылып жатканын божомолдоду.

Оор салгылашуулар Донецк облусунда да жүрүп жатат, орус аскерлери Авдеевканын батышындагы Часов Яр аймагын ээлөөгө аракеттенүүдө.

XS
SM
MD
LG