Терроризмге жана педофилияга айыпталгандарга пенсия төлөнбөйт

Министрлер Кабинети тарабынан белгиленген тартипте Террористтик жана экстремисттик ишке же массалык кыргын салуучу куралдарды таратууга катыштыгы бар адамдардын тизмесиндеги адамдарга, баланын жыныстык кол тийбестигине жана жыныстык эркиндигине каршы кылмыш үчүн соттолгондорго соттун айыптоо өкүмү мыйзамдуу күчүнө киргенден тартып, жазасын өтөөдөн бошотууга чейинки аралыкта пенсия чектөөгө жана төлөөгө, ошондой эле ишеним кат боюнча пенсия төлөөгө тыюу салынат.

Бул норма президент Садыр Жапаров 11-майда кол койгон “Мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруу жөнүндө”, “Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтери жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” мыйзамда каралган.

Мыйзамды Жогорку Кеңеш 3-апрелде кабыл алган.

Президенттин сайтындагы маалыматка ылайык, бул мыйзамдын максаты - мамлекеттик социалдык камсыздандыруунун пенсиялык жана тарифтик саясат чөйрөсүндөгү реформаны камсыз кылуу, пенсионерлер үчүн адилеттүү шарттарды түзүү, эскирген ченемдерди алып салуу жана пенсия чектөөдөгү кызмат көрсөтүүнү жакшыртуу.

Мыйзамда ошондой эле төмөнкүдөй ченемдер каралган:

– пенсиянын базалык бөлүгү – адамдарга пенсиянын мамлекет тарабынан кепилденген бөлүгү экендиги белгиленет.

– пенсиянын базалык бөлүгүнүн өлчөмү Министрлер кабинети тарабынан белгиленет;

– эгерде пенсиянын жалпы өлчөмү пенсионердин жашоо минимумунун чоңдугунан төмөн болсо, пенсиянын базалык бөлүгү индексация аркылуу орточо эмгек акынын 12 пайызынан төмөн эмес деңгээлде кармалат;

– пенсиянын эсептелип, бирок пенсионер өз убагында албаган суммалары өткөн мезгилдеги, бирок эсептелген пенсияны алуу үчүн кайрылган учурдан мурдагы беш жылдан ашпаган убакыттагысына төлөнүп берилет;

– пенсионер каза болгон учурда, каза болгон адамды көмүүнү жүзөгө ашырган адамга ал кайрылгандан кийин эки жуманын ичинде 300 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө көмүүгө жөлөкпул төлөнөт.

Ошондой эле 1 гектардан аз жер үлүшүнө, жер тилкесине же анын бөлүгүнө ээ болгон пенсионер - дыйкан чарбаларынын башчылары жана мүчөлөрү камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөөдөн бошотулат. Ушундай эле жеңилдик жеке ишкердик жүргүзгөн I жана II топтогу майыптар жана пенсионерлер, салык төлөөчү жеке ишкерлер тарабынан жалданган I жана II топтогу майыптар, ошондой эле жер үлүшүнө, жер тилкесине же анын бөлүгүнө ээ болгон I жана II топтогу майыптар жана пенсионерлер камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөөдөн да бошотулат.

Мыйзам 1-июлдан тартып күчүнө кирет.(ZKo)

Дагы караңыз

Санкт-Петербургда сууга кулаган автобустун айдоочусу ооруканадаБалбан Үзүр Жусупбеков Париж Олимпиадасына жолдомо алды "Кайгылуу бийкечтин каны". Айгүл - сүйүүнүн символу"Аюу таптаган калк". Айтматов жазган нивхтерАт-Башыда шамалда жараат алган бир адамдын абалы оорТурабеков: Витамин жетпеген адамдар ачууга бат алдырат