2023-жылдын 1-апрелинен тарта, 2026-жылдын 1-апрелине чейин (үч жылга) сейрек кездешүүчү Айгүл гүлүн сактап калуу жана көбөйтүү максатында "Айгүл-Тоо" жаратылыш коругуна кирүүгө тыюу салынган.
"Айгүл таш" коругу 2008-жылы Баткен облустук токой чарба бөлүмүнө өткөрүп берилген. 2001-жылы тоонун тескей тарабы тосмолор менен тосулган. (Гүл өскөн корукка кирүүгө үч жылга мораторий жарыялангандыктан, мурда тартылган сүрөттөрдү сунуштайбыз)
Илимде Эдуарддын чаар гүлү деп аталган бул өсүмдүктү жергиликтүү калк Айгүл гүлү деп атайт. Айгүл апрель айынын соңунда гүлдөйт. Баткен шаарынан 20 чакырымдай түштүк-чыгыш тараптагы, анча бийик Айгүл тоодо өсөт.
Айгүл жаз айларында гүл ачат. Гүлдүн бою бир-бир жарым метрге чейин жетип, уругу жерге түшкөндөн кийин жети жылдан кийин гана гүл ача баштайт.
Кызгылтым-сары түстөгү анын коңгуроочолорунан гүлдүн канча жашта экенин билсе болот. Айгүл гүл ачкандан тарта жыл сайын ага бир коңгуроочо кошулуп отурат.
"Айгүл таш" мамлекеттик коругунун жалпы аянты 254 гектар.
Биологиялык өзгөчөлүгү – март айынан майдын аягына чейин гүлдөп, жыты анча айкын эмес. Өтө кооз болгондуктан жалпы ареалы азыр азайып баратат.
Айгүл боюнча эл оозунда мындай бир уламыш айтылат. Байыркы жоокерчилик заманда Козулан деген баатыр жигит менен айдай сулуу Айгүл кыздын бири-бирине көнүлү түшүп, экөөнүн ортосунда оттой жанган сүйүү пайда болуптур. Бирок арзышкан эки жаш ана-мына үйлөнмөкчү болгондо капыстан жоо келип, Козулан баатыр майданга аттанат. Баатыр ал кармашта курман болуп, аны уккан Айгүл кыз чокудан боюн таштайт. Оо кийин-кийин анан ошол сулуунун каны тамган жерлерден чоктой кызгылтым сары гүлдөр өнүп чыгып, аны эл Айгүл деп атап калган имиш. Жергиликтүү калктын оозунда айтылып жүргөн уламыштын кыскача таржымалы мына ушундай.
Бул гүл Кыргызстанда Баткен облусунда гана өсөт. Андан сырткары Тажикстан, Өзбекстан, Түркиянын Ван аймагында, Түндүк Ооганстанда, Индиянын Кашмиринде кездешет. Дүйнөдө көпчүлүк ботаникалык бактарда жетиштүү өстүрүлөт.